Роза Отунбаева, экс-президент: «Матраимовдор чек ара маселесине залакасын тийгизип жатат»

Окуялар тизмеги 04 Апр 2019 17:28
0 ой-пикир

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Райымбек Матраимовго байланыштуу маселе Кыргызстандын Орусия жана Казакстан менен ич ара экономикалык мамилелерине залакасын тийгизип жатат. Мындай пикирин «Азаттык» радиосундагы маегинде экс-президент Роза Отунбаева билдирди:

— Азыр чек арада болуп жатканды деле Орусиянын, Казакстандын жетекчиликтери «Матраимов дегендери бар. Ошолор бажыдан байып жатат. Байыганынан бөлүшүүдө. Эмнеге биз эрежелерге каршы турушубуз керек, оозубузду ачып?» деп айтып жатышат. Демек, Матраимовдун факторунун залакасы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилеге да тийип жатат.

Отунбаева ошондой эле Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы «татаал маселе» болуп, коомчулук ал адамдын жоопко тартылышын күтүп турганын белгиледи жана бул талап ишке ашпай жатканын «бизге да чоң суроо» деп мүнөздөдү.

«Раим-миллион» деген ат менен коомчулукка таанымал болгон Райымбек Матраимов Бажы кызматындагы жетекчилик орундан мыйзамсыз алынганын айтып, соттошууда.

Атамбаев Жээнбековду «Матраимовду калкалап, бажыдагы мыйзамсыз иштерине көз жумат» деп айыптаган.

​Матраимов да, бийлик да бул маселе боюнча айтылган сынды четке кагып келет.

Президент Жээнбеков жаңы жыл алдындагы басма сөз жыйынында Матраимовду өзүнө байланыштыруу калпыс аракет экенин айтып, анын мүлкүн текшерүүгө буйрук берген :

«2010-жылдан бери Райымбек Матраимов тууралуу эч ким сөз кылбай, сөз кылса деле көңүл бурбай келбеди беле? Мен кызматка келгенде эле аны «коррупционер, Жээнбековдун жакыны» деп чыгара калышты. Ал мага чейин эле иштеген, мен келгенден кийин иштен алып коюшту. Азыр соттошуп жатат, өткөндө соттон утуп алыптыр, аны да менден көрүштү» деген Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.