Жээнбековдон Путинге кайталанган белеги (видео)

Саясат 29 Мар 2019 10:33
0 ой-пикир

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге аргымак менен тайгандын күчүгүн белекке берди.
Эскерте кетсек, 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Путинге ак боз ат мингизген.

Орусиялык кинолог Виталий Орлов life порталына Владимир Путинге Бишкекте тартууланган күчүк боюнча оюн билдирди.

Ал тайган — акчага сатылбаган балуу ит экендигин белгилейт.

«Ал ит менен көргөзмөлөрдө жүрбөйт. Итти баккан адам эмне максатта, кандай ойдо кармаганын билет. Тайган — Тян Шань тоолорунан чыккан түр. Ал майда жандыктардан сырткары, карышкырга дагы тиш сала алат. Тайган өтө балуу жаныбар. Кыргызстан Орусиянын президентине өзүнүн улуттук дөөлөтүн тартуулады», — дейт ал. Белек берүү дагы оңой-олтоң иш эмес. Кабыл алып жаткан тарапка  жагымдуу болуусу абзел. Мындан улам Россиянын лидерине ат менен тайган жагаары талашсыз.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.