Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге аргымак менен тайгандын күчүгүн белекке берди.
Эскерте кетсек, 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Путинге ак боз ат мингизген.
Орусиялык кинолог Виталий Орлов life порталына Владимир Путинге Бишкекте тартууланган күчүк боюнча оюн билдирди.
Ал тайган — акчага сатылбаган балуу ит экендигин белгилейт.
«Ал ит менен көргөзмөлөрдө жүрбөйт. Итти баккан адам эмне максатта, кандай ойдо кармаганын билет. Тайган — Тян Шань тоолорунан чыккан түр. Ал майда жандыктардан сырткары, карышкырга дагы тиш сала алат. Тайган өтө балуу жаныбар. Кыргызстан Орусиянын президентине өзүнүн улуттук дөөлөтүн тартуулады», — дейт ал. Белек берүү дагы оңой-олтоң иш эмес. Кабыл алып жаткан тарапка жагымдуу болуусу абзел. Мындан улам Россиянын лидерине ат менен тайган жагаары талашсыз.
Путину киргизы подарили орловского скакуна и собаку киргизской породы Тайган ? ? вспомнилось: Еслиб я имел коня …. pic.twitter.com/mAvxzuaH8J
— Саша & Медвед (@rubis32) March 28, 2019