«Бабанов Атамбаевге ультиматум койгонбу» же Сапар Исаков эмнеге Кыргызстандын президенти болбой калган

Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев Elgezit.kg менен болгон маекте кенен айтып берди.

— Соратниктердин ортосундагы атаандаштык кадимки көрүнүш. Бирок айрым учурлар атаандаштык тирешүүлөргө алып келет. Сиз Атамбаев менен бирге оппозицияда болгон мезгилде бири-бириңер менен болгон атаандаштык байкалып турчу. Бирок ошол маалда жеке амбицияларыңарды жалпы максат үчүн экинчи орунга жылдырып койсоңор керек. Бирок, 2010-жылдан кийин көп нерсеге силердин көз карашыңар башкача экени белгилүү болду. “Ата Мекен” партиясы башкаруу коалициясында болгонуна карабастан, ал Атамбаевдин жалпы саясатына каршы келген билдирүүлөрдү да айтып турду. Кайсы убактан баштап ачык тиреш башталды. Жана эмнеге?

— 2016-жылдын март айынын акырында Темир Сариевдин Өкмөтүнүн отставкасынан кийин көпчүлүк коалициянын лидерлери Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. Ошондо ал жаңы Өкмөттү түзүү укугун социал-демократтарга берерин айтты. Ал жолугушууда Атамбаев 2020-жылга чейин Конституцияга тийбей турганын так айткан.

— Анда анын позициясы качан өзгөрө баштаган? Эмнеге Конституцияны өзгөртүүнү чечти? Себеби, бул кадамдары менен ал жарандык коомду өзүнө каршы багыттап, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен урушуп кетти.

— Мурат Укушев менен авторлош болуп “Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтү” китебин жаздым. Бул китепте биз 2005-жылкы жана 2010-жылкы төңкөрүштүн чыгуу себептерине баа берүүгө аракет кылганбыз, ошондой эле төңкөрүштөн кийинки татаал учурлар жана анын лидерлери тууралуу жазып, мындан сабак алуу керектигин түшүндүрүүгө бел байлаганбыз. Парламенттеги бардык фракциялар, төрага, премьер-министр бул китептин чыгышына каржылык колдоо көрсөтүшкөн. Алар бул маанилүү документ, апрель төңкөрүшүнүн кезектеги жылдыгынын алдындагы маанилүү китеп деп эсептешти. Атамбаев Фарид Ниязов аркылуу китепти басып чыгарууга каржылык көмөк көрсөтөрүн билдирген. Белгилүү окумуштуу, тарыхчы, мамлекеттик жана саясий ишмер, профессор Зайнидин Курмановго жооптуу редактор болуп берүүнү сунуштадык. 2010-жылы Зайнидин Бакиевдин лагеринде болчу жана парламенттин төрагасы болуп турган. Анын бул окуяга байланыштуу өз пикири, көз карашы бар болгонуна карабастан, мен ага китептин жооптуу редактору болууну сунуштадым. Ал көп сын айтты. Биздин айрым жазгандарыбыздан күмөн санады. Атамбаев Фарид Ниязовдон китептин текстин берүүбүздү суратыптыр. Бир аз убакыт өткөн соң Фарид Ниязов мага кирип, Алмаз Шаршеновичке Зайнидин Курмановдун редактор болуп сын айтканы жакпаганын, ал Бакиевдин кишиси экенин айтты. Ал эгерде башка жооптуу редактор болсо гана каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин, ал эми Курмановдун сындарынын баарын өчүрүп салганын билдирди. Бирок мен Зайнидинди көптөн бери билем. Убагында биз парламентте кесиптеш болгонбуз. Ал – профессионал. Илимий жана эксперттик топтордо анын пикирин сыйлашат. Мен ага мындан ары иштеше албайбыз, себеби Атамбаев китеп чыгаруу үчүн жардам берем деп убада кылган 3 миң долларын бербей коёт деп айта алмак эмесмин. Анын үстүнө Зайнидиндин редактор болуусу тарыхый адилеттүүлүк үчүн деле маанилүү деп санагам. Себеби, ал биздин оппонент болчу жана анын редактор болушу бизге кандайдыр бир легитимдүүлүк берип турду. Ошентип, мен Атамбаев менен макул болбой койдум.

Сүрөттө: оңдон биринчи – Зайнидин Курманов.

— Сиз дал ушул учур Атамбаев менен тиреште ачыкка чыгууга себеп болду деп ойлойсузбу?

— Жок, албетте, бул эмес. Бул Атамбаев үчүн шылтоо гана болчу. Кеп эмнеде экенин айтып берейин.

2010-жылы 7-апрелден кийин дароо эле убактылуу өкмөт бийликтин бардык бутактарынын ыйгарым укуктарын өзүнө алды. Бул супердиктатордук коллегиалдык орган болчу жана биз бара-бара бийлик укуктарын элге кантип берерибизди жазганбыз. Аткаруу бийлигинин функциялары 2010-жылдын июнь айына чейин убактылуу өкмөттө болду. Референдумдан кийин Конституцияны кабыл алган соң, Кыргыз Республикасында өткөөл мезгилдеги Президент пайда болду. Ал адам Роза Отунбаева болду жана ал Президенттин гана эмес, өкмөт башчынын да функцияларын алды. Ал эми убактылуу өкмөттө болсо болгону парламенттин функциясы жана декрет түрүндө мыйзамдарды кабыл алуу укугу гана калган. 2010-жылдын октябрь айында парламенттин жаңы курамы шайланган соң, 21-декабрда убактылуу өкмөт мыйзамдуу орган катары тарады. Роза Исаковна болсо парламент шайлангандан кийин жана өкмөт түзүлгөн соң өкмөт башчысы функциясын жоготту. Ошентип, 2010-жылдын аягында бизде бийликтин баардык 3 бутагы түзүлдү. Президент, өкмөт жана парламент. Татаал өткөөл мезгил аягына чыгып калган. Бирок Атамбаевдин ролу тууралуу айтсак бул кыйын учурдун алгачкы айларында ал жумалап жоголуп кетчү. Ошондуктан ал китепке кирбей калган.

Атамбаев китептин тексти менен таанышып чыкканда Роза Исаковнанын ролу тарыхый экенин көргөн. Ал оппозициялык кыймылдын лидери болгон, өткөөл мезгилдин лидери болгон. Ал эми Атамбаевдин ролу жок болчу. Мен Атамбаев тууралуу жаман нерсе жазган эмесмин, болгону китепке кирген эмес. Бул анын кыжырын келтирген. Себеби ал учурда Атамбаев Президент болуп, өзүн Кыргызстандын элине кудай берген белек катары саначу. Ошондуктан ал тарыхты кайра жазып баштаган деп ойлойм.

Ошентип, Атамбаевдин командасы Конституцияны өзгөртүп, мамлекеттүүлүк моделин өзгөртүүнү ойлоп табышкан. Иштеп жаткан Конституция Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын жана улуттук коопсуздукка коркунуч келип жатканын жарыя кылууну чечкен. Мен бул тууралуу кокустан эле билип калдым. Депутат Чолпон Жакупова КСДПдагы депутаттардын бири иштеп жаткан Конституцияны сындаган Сапар Исаков менен жолукканын айтты. Сапар Исаков Конституцияны алар айткандай каталары үчүн гана эмес, Текебаевди жок кылуу үчүн кайра жазышарын айтыптыр. Эсиңиздерде болсо ошол маалда БУУнун адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун пайдасына чечим чыгарган. Бул маселе биздин коомдо кызуу талкууланып жаткан. Бийлик өзүнүн ММКлары аркылуу Кыргызстан мурда кол коюлган эл аралык макулдашууларга ылайык иш алып барганына Конституциянын “атасы” катары мен күнөөлүү экенимди жарыялаткан. Алар абалдан пайдаланып Конституцияны изилдөөчү жана жаңы сунуштарды иштеп чыгуучу топ түзүүнү чечишкен. Мага белгилүү болгондой, бул топту Сапар Исаков жетектеген.

— Конституциялык реформа тууралуу сөз көп. Сапар Исаков тууралуу кенен сүйлөшсөк. 2016-жылдын июнь айында Атамбаев күтүүсүздөн эле Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол маалдагы башчысы Сапар Исаковду экинчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады. Атамбаевдин буйругунда, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо кошкон салымы үчүн сыйлары жазылган. Мунун артында эмне турат? Сапар Исаков өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого кандай салым кошкон деп ойлойсуз?

— Дал ошол маалда Конституцияны өзгөртүү тууралуу курч талкуулар жүрүп жаткан. Атамбаевдин командасы мени эми БУУнун адам укуктары боюнча комитетиндеги 12 адам бизге өз эрежелерин киргизип баштайт деп, Кыргызстандын кызыкчылыгын сатты деп күнөөлөп чыккан. Жарандарды кезектеги улуттар аралык кагылыш болот деп коркутушкан. Президенттик администрациянын дагы бир бөлүм башчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Табалдиев КТРК аркылуу Конституцияны өзгөртпөсөк өлкөдө кан суудай агарын, анын жанында 2010-жылдагы улуттар аралык араздашуу түккө турбай каларын билдирген. Чектен ашып кетишкен.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков II даражадагы «Манас» орденин тапшыруу учурунда.

Сценарий белгилүү болчу. Баарына бүт нерсе түшүнүктүү болду. Текебаевди дискредитациялап, Мекенди сактап калган адам Атамбаев болуп калышы керек болчу. Конституция Атамбаевдики аталып, Кыргызстандын жаңы тарыхы башталышы керек болчу. Эскини болсо жокко чыгарып, ал учурда иштеп тургандардын баарын каралоо керек эле. Атамбаев мени гана дискредитация кылайын деген эмес. Мен тизмедеги биринчилерден болчумун. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү дагы дискредитация болушу керек эле. Бул процесс ишке киргизилген. Бийликтин ырын ырдаган ММКлар гана эмес, «дүжүр» саясатчылар, социалдык тармактарда «Фариддин троллдору» дагы иштеп башташкан. Бул тууралуу анан кенен сөз кылам, азыр болсо Исаков жана анын «Манас» ордени менен сыйланганы тууралуу айтып берейин. Ал убакта мен мындай жогорку мамлекеттик сыйлыкты Исаков Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүчү жумушчу топту жетектегени үчүн алган деп ойлогом. Бирок азыр мен дагы, коомчулук дагы Сапар Исаковдун ишмердүүлүгүн жакшы билип калды. Ошондуктан Атамбаев Исаковду Конституция үчүн гана эмес,

Датка-Кемин электр линияларынын куруу жана ЖЭБди оңдоо долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү үчүн алса керек деген ойго келдим. Бул эки долбоор Атамбаевдин сыймыгы. Ал азыркыга чейин эле ММКлар аркылуу өзүнүн арты менен гана Кыргызстан электр энергиясынан көз карандысыз болуп, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары бекемделгенин билдирип келет.

— Азыр ЖЭБге байланышкан бир топ фактылар ачыкка чыкты, коррупция бар экенин көргөн соң сыймыктануунун деле кереги жок го дейм.

— Ал учурда Атамбаев Сапар Исаковдун жасаган жумуштарына суктанчу. Мисалы, Кыргызстанга Германиянын канцлери Ангела Меркель келгенде Атамбаев Исаковду өзүнүн оң колу катары тааныштырган. Бул чындыкка жакын болчу. Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы болгон адамдары менен конфликти күчөй берди. Венеция комиссиясы Атамбаевдин оппоненттеринин катарында болду. Эски соратниктери жүз буруп кете башташты. Роза Исаковна башында турган убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсү Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун сындап чыгышты. Мындан соң 31-августта “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгында Атамбаев Роза Исаковнанын жана убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн ролун жокко чыгарууга аракет кылып, сөз сүйлөдү. Ал апрель окуяларынан кийин туруктуулук убактылуу өкмөттүн аракетинен улам эмес экенин айтты. Ошол эле күнү биз, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Роза Исаковнаны коргоп билдирүү тараттык. 2016-жылдын 31-августунан тарта мени менен Атамбаевдин гана ортосунда эмес, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен Атамбаевдин ортосунда ачык тирешүүлөр башталды.

Сүрөттө: 2016-жылдын 31-августунда Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп жатканда Роза Отунбаеванын аянттан кетип жаткан маалы.

Кийинки күнү парламенттин күзгү сессиясы башталды. Мен парламенттин трибунасынан Атамбаевдин аянтта сүйлөгөн сөзүн сындап чыктым. Мен аны мамлекеттик бийликти узурпация кылууга аракет кылды деп күнөөлөп, Жогорку Кеңешти бул кадамдарга каршы турууга чакырдым. Ал учурда “Ата Мекен” фракциясы парламенттик көпчүлүктө болчу, биздин фракциянын Атамбаевдин өкүлдөрү менен карама-каршы турушу көпкө уланбайт болчу. Ошентип, КСДП фракциясы көпчүлүк коалициясынан чыгып кетти, өкмөт отставкага кетти. Жаңы коалиция түзүлдү, ага Өмүрбек Бабановдун «Республика – Ата-Журт» фракциясы жана “Бир Бол” кирди. “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияга кетти. Атамбаев биринчи вице-премьер-министр кызматына Сапар Исаковду сунуштоону каалаган. Бул аны президенттик шайлоого даярдоого ташталган кадам болчу. Бул Атамбаевдин Сапар Исаковду мураскер кылчу оюнунун олуттуулугунан кабар берип турган.

— Анда эмнеге Атамбаевдин бул планы ишке ашпай калды?

— Сапар Исаков менен Өмүрбек Бабановдун душман болгону тоскоолдук кылды. Мен азыр булар эмнеге душман болгонун айткым келбейт, бирок Бабанов Атамбаевге ультиматум коюп, биринчи вице-премьер-министр Сапар Исаков болсо, анын фракциясы ал өкмөттү колдобой турганын айткан. “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” оппозицияда болгонун жана парламентте, социал-демократтар арасында Сооронбай Жээнбековго каршы чыкчу башка дагы татыктуу талапкерлер бар экенин эске алуу менен, Атамбаев айласыздан Бабанов менен макул болот. Бирок Бабановго убактылуу болсо дагы жеңилип калганын Атамбаев унуткан эмес. Бул анын мүнөзү.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков.

Сапарды өкмөткө киргизүү пландары иштебей калгандыктан Атамбаев Исаковду администрациясынын жетекчиси кылып дайындаган. Сапар Исаков өкмөткө барса кандай иштерди жасамак болсо ошолорду жасап баштаган. Ал “Таза коом” программасын презентация кылган, бул Сапар Исаковдун президенттик шайлоо алдындагы программасы болчу. Ал донорлор жана ар түрдүү уюмдардын өкүлдөрү менен кезигип баштаган. “Таза коом” Сапар Исаков менен ассоциация болуп калган. Ал өзүн башкы жетекчи катары көрсөтө баштаган. Өзүнө өкмөт башчысынын функцияларын алып алган. Анын фонунда Жээнбеков чарбачылык менен алек болгон орун басарындай көрүнүп турчу. Ал эми Сапар болсо Жээнбековдун фонунда жаш, заманбап, креативдүү көрүнүп жатты. Ал президенттик шайлоого катышканга старт алган болчу.

— Анан эмне туура эмес кетти?

— Тагдыр. Тактап айтсам, Сапар Исаков Атамбаевдин мурасы болбой калганы тагдыр.

2014-жылдан тарта Америка менен Россиянын тиреши болуп жатат. Бул глобалдуу тиреш бизге да таасир тийгизди. Эч кимге белгисиз болгон Liglass Trading деген Чехиянын компаниясы менен Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өкмөт келишим түзүп, ызы-чуу болгону эсиңердеби? Авантюризм чекке жеткен. Чехия журналисттеринин маалыматы боюнча белгисиз эле Чех компаниясы Кыргызстандын өкмөтү менен келишим түзгөн, бул банкрот болгон компанияны Чехиянын президентинин канцеляриясынын башчысы Милоша Земана Вратислав Мынарж Сапар Исаковго сунуштаган. Бул теманы биздин ММКлар активдүү жаза башташты. Коомчулуктун да көңүлү бурулду. Земандын Батыш-Россия конфликтинде байланышы жок болсо бул маалымат анча ызы-чуу болбойт эле. Кыскасы, эл аралык скандал болду.

Сүрөттө: Сапар Исаков

Сапар Исаков бул абалдан чыгуунун аракетин көргөнү менен мураскер катары потенциалы нөлгө тете болуп калды. Себеби, эл аралык коомчулукта коррупциялык келишимди колдогон адам катары эсте калды. Атамбаев Сапарды премьер кылып, мураскер катары Сооронбай Жээнбековду тандады. Планы бир аз өзгөргөнү менен маңызы ошол боюнча эле калган. Сапар Исаков президент болсо бийликтин баары президентке берилип, Атамбаев болсо 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин элдин суранычы менен премьер-министр болмок. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президент болсо ал лента кесип, иш-чараларга эле катышып, Сапар Исаковдо негизги бийлик болмок. Бирок экөө тең Атамбаевге баш иймек. Башкача айтканда, алар аркылуу Кыргызстанды башкармак дагы, 2020-жылы парламенттик башкаруудан кийин саясатка кайтмак.

Земан Россия тарапта болуп, Евробиримдиктеги анын каршылаштары аны ордуна коюуну каалабаса, анда Liglass Trading менен болгон алдамчылыктын бети ачылбай кала бермек дагы маалыматтык бомба жаралбайт эле.

Ушундай жагдайлар, Россия менен Батыштын тиреши Сапар Исаковдун, Сооронбай Жээнбековдун, Алмазбек Атамбаевдин жана биздин өлкөнүн тагдырын чечип койгон.

Elgezit.kg редакциясы маек алууда жардам кылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына ыраазычылык билдирет.

 

«Бабанов Атамбаевге ультиматум койгонбу» же Сапар Исаков эмнеге Кыргызстандын президенти болбой калган” жөнүндө бир билдирүү

  1. Тахмина

    Укмуш жазылыптыр. Коп нерсени тушундум. Тагдырга рахмат. Текебаевди колдойм! Ага эркиндик жана куч-кубат, ден соолук каалайм!

Билдирүү калтыруу