Ботсванада жашаган Американын жараны кош бойлуу аялы менен уруша кетип, аны өлтүрүү максатында учагы менен үйүн сүзгөн. Бул тууралуу 360 телеканалы билдирет. Маалыматка ылайык, учкуч аялы менен үйүнө келген коноктордун көзүнчө уруша кеткен. Коноктор кош бойлуу аялга болушуп, учкучту эшикке чыгарып коюшкан. Ал жинденип учак менен үйүн келип сүзгөн. Үйдүн ичиндеги адамдар сыртка чыкканга үлгүрүшкөн. Аялын өлтүрүүгө аракет кылган жаран каза болду.