Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун сөздөрүнүн артында эмне турат? (Кыскача анализ)

Саясат 18 Мар 2019 16:15
0 ой-пикир

Жалпы картина

17-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты.

Алмазбек Атамбаев болсо ушул эле күнү Медиа — Форумдун алдында митинг-реквием учурунда сөз сүйлөдү.

Маалымат

Атамбаевдин 50 мүнөттүк сөзүнөн соң төмөнкүдөй жыйынтык чыгарсак болот:

* Экс-президент өз күчүнө ишенип, чабуулчу позициясына өттү.

* Атамбаев публика алдындагы саясатты сагынганын жашырган жок. Ага көпчүлүк энергетикасы жана ММКлардын көңүл буруусу жетишпей жатканы белгилүү болду.

* Президенттик маалындагыдай эле, Атамбаев саясий технологдорун жана сөз спичрайтерлерин уялтууда, бирок, ал эл алдында сүйлөө стилин өзгөртүүгө шашылбай эле, балким, дал ушундай жүрүм-турум ага өзгөчө күч берип, шайлоочуларынын сүйүүсүнө татуунун бирден-бир жолу катары көрүнүп жаткандыр.

* Атамбаев эч өзгөргөн жок. Ошондой эле өзү тууралуу үчүнчү жак катары айтып келет.

Мисалы: “Ал эч качан Атамбаевдей бизнесмен болгон эмес”.

«ЖЭБди курган Атамбаев болбогондо…”

“Алар Атамбаев токтоп калат деп үмүт кылышууда…”

“Жада калса Атамбаевди өлтүрүп салсаңар да…”

Ошентип, түшүнүктөрдү өзгөртүү жана фактыларды келтирүү менен тарыхтагы өз ролун жогорулатууда:

“Мен бийликке келгенде эң биринчи эле өлкөнү энергетикадан көз карандысыз кылууну самагам. Муну кылдым. Эски ЖЭБдин ордуна жаңысын салдым”.

“Мен Президент болгондо армия жок болчу. Реформа өткөрдүк, үйлөрдү курдук, айлык акыны 2 миң сомдон 20 миң сомго көтөрдүм. Ушундай гүлдөгөн өлкөнү өткөрүп бердим”.

* Башка жолку сүйлөгөн сөздөрүнө караганда, бул жолкусунда Атамбаев Кудайды эки жолу эске салды:

“Саткындардын убагы келди. Мен мындай адамды бийликке алып келгеним үчүн баарыңыздардан кечирим сурайм. Бирок, кудай буюрса баарын оңдойм”.

Балким, анын кеңешчилери сырткы саясаттагы абалды эске алып “Атамбаевдин жаңы образын” Кудайдан бир аз оолак кылгылары келип жаткандыр. Өзгөчө Жээнбековдун фонунда.

Атамбаев буга чейин Бакиевдин “сырткы душман” образын колдонуп келген. Жакынкы күндөрү “жаңы душман” катары көрсөтүү үчүн Жээнбековду мээлеп жаткан чагы. Ошондуктан, Бакиев барган сайын экинчи планга жылып калчудай. Ал эми мурда Бакиевдерди кандай жаман сыпаттап келсе, дал ошондой жамандоо менен Жээнбеков биринчи планга чыкчудай: “Мен түндүк-түштүк деген бөлүнүү болбосун деп сени (Сооронбай Жээнбековду) атайын Кара-Кулжадан алып келгем… Эл көп нерсеге чыдайт, бирок кландык башкарууга канча чыдарын эч ким билбейт. Күн өткөн сайын биз Бакиевдик режимдин изи менен бара жатабыз. Ал учурда балдарга тийишчү эмес, азыр балдарга да тийишип башташты. Бул бийлик андан да жаман болду. Алар коркутуу үчүн баарын камап жатышат. Баардык депутаттардын бизнеси бар жана алар коркушууда”.

Ал эми Жээнбековго келсек, азыркы Президент өзүн “улут атасы” катары көрсөтүп келүүдө. Элге жакын экенин 2002-жылы окуя болгон Боспиек айылына барганы тастыктап турат. Бир чети Жээнбековдун бул күнү борбордон алыс кеткени ММКлардын иш-чараны чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн азайтты. Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзүнөн эмнени көрө алдык:

* Жээнбеков Атамбаевге караганда көбүрөөк актанган позицияны карманууда. Атамбаев Жээнбековду үй-бүлөлүк кландык башкарууга кайтып келгенине күнөөлөп жатат. Жээнбеков буга жооп берип жатып, үй-бүлөлүк башкаруу болбостугун кайталап келет:

“Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!”

Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевге эки ишарат берди:

“Көз карандысыздык жылдарында биздин эл үй-бүлөлүк башкаруунун бир топ түрүн көрдү. Өлкөнү уюшкан кылмыштуу топ башкарган учур да болгон. Анын далилдери коомчулукка жете баштады”.

Жээнбеков “уюшкан кылмыштуу топтор” деп Атамбаев бийликке алып келген жакындарын айтты окшобойбу.

Дагы бир сөзү: “Эркиндикти сүйгөн элибиз авторитардык-кландык башкарууга жол бербей турганын көрсөттү”. “Авторитардык-кландык башкаруу” терминин логикага салып карасак, Атамбаевдин башкаруусуна мүнөздөмө берип жаткандай таасир калтырат. Эгерде Жээнбеков бул сөзү менен Акаев же Бакиев тууралуу айтып жаткан болсо, анда Жээнбековдун командасы Атамбаевдин саясий технологдорунун стратегиясынын багытында кетип жатат десек жаңылышпайбыз. Мындай болсо, анда багыттаган максатка карай жол ачылбай, команда ресурстарынан кол жууп калат.

* “Улут атасы” образы жаман табылга эмес, бирок ал СССР маалындагы “күчтүү чарбакер” образы менен дал келиши керек. Азырынча Жээнбековдун сөздөрүндө эмоцияларды байкоого болбойт. “Чык эшикке” дегени баарынын эсинде. Дагы кандай сөздөрдү айтканы эч кимдин эсинде жок.

* Жыйынтык: Жээнбековдун кол куушуруп отура бергендигинен улам, Атамбаевдин саясатка парламент аркылуу келүү мүмкүнчүлүгү жогорулап жатат. Экс-президенттин соккулары азыркы мамлекет башчысына оор тийүүдө. Анын үстүнө анын командасы медиа менен иштөөдө башкача кадамдарды кылышы зарылдыгы айдан ачык көрүнүп турат. Азыр алар активдүү болуулары керек. Себеби, Атамбаевдин командасы PR куралдарын жогорку деңгээлде колдонууда.

Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.