Өлкө башчысы элчиликтерде элчиден баштап, айдоочуларга чейин тил билиши керектигин айтты

Окуялар тизмеги 14 Мар 2019 16:14
0 ой-пикир

«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде. Жыйындын жүрүшүндө, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элчилигинде иштеген кызматкерлер барган өлкөсүнүн тилин билишпейт деп нааразы болду. «Айрым элчиликтерде мамлекеттик тилге которуп бере турган котормочулар жок. Бельгияга
барганда ушундай кырдаалга туш болгонбуз. Түркиядан болсо университеттин мугалимин чакыртып котортконбуз. Кайсы өлкөгө барбасын, ошол жердин тилин билбеген кызматкерлердин бизге эмне
кереги бар? Элчиликтерде элчиден баштап, айдоочуларга чейин тил билиши керек», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.