“Кыргызалтын” ААКнын директору Алмаз Алимбеков $5000 айлык ала турганын Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумда билдирди.
Тармактык комитеттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков ишкананын директорунан алган маянасынын көлөмүнө кызыкты.
Алмаз Алимбеков билдиргендей, “Кыргызалтындын” директорлугу үчүн 70 миң сом жана ачык акционердик коомдун директорлор кеңешинин төрагасы болгону үчүн $4000 доллар, жалпы $5000 айлык алат.