Ысык-Көлдө бир да ири таштанды полигону жок

Окуялар тизмеги 07 Мар 2019 11:06
0 ой-пикир

Ысык-Көл облусунда бир да ири таштанды полигону жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков парламенттин жыйынында билдирди.

— Ушу тапта Ысык-Көл аймагында бир да атайын ири таштанды полигону жок, көрүнгөн жерге башаламан көмүлүп жатат. Андагы 180 эс алуу жайынан күнүгө беш тонна таштанды чыгат. Ошондуктан, чакан болсо да таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу керек, — деди депутат.

Ал жаӊы туристтик мезгилге азыртан кам көрүү зарыл экенин айтты. Депутат өз сөзүндө ошондой эле саркынды сууларды көзөмөлгө алууну талап кылды.

Буга чейин айрым пансионаттардан чыккан саркынды Ысык-Көлгө агылып кирери билинип, коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Былтыр активисттер көлдүн түбүндөгү таштандыларды чогултуп, эс алуучуларды көлгө таштанды ыргытпоого чакырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.