ИИМ мурдагы жооптуу кызматкерин «жасалма документ менен ишке мыйзамсыз орношкон» деп айыптап жатат

Окуялар тизмеги 07 Мар 2019 17:08
0 ой-пикир

Ички иштер министрлиги өткөн жылы кызматтан алынган, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары Ралис Касанов тууралуу маалымат таратты.

Анда Касанов жасалма документ менен ишке мыйзамсыз орношкону айтылат. Мындан сырткары ал кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы, кол алдындагы кызматкерлерден акча каражатын опузалап талап кылганы үчүн иштен алынганы белгиленген.

Касановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмүндө (“Башка кылмышты жашыруу менен аны жасоону жеңилдетүү максатында жасалма расмий документтерди колдонуу”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча (кылмыш иши козголгон) сотко чейинки өндүрүш башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Р. Касановго берилген убактылуу күбөлүк, мурда Ысык-Ата райондук аскер комиссариаты тарабынан Ысык-Ата районунда жашаган Ш. Лиров аттуу жаранга берилгени такталган. Ошонун негизинде Касанов документтерди жасалмалоо жолу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка орношкон.

ИИМ тараткан маалыматка караганда, Ралис Касановду кызматтан кетирүүнү Биринчи май райондук сот мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми Бишкек шаардык соту райондук соттун токтомун күчүндө калтырган. Учурда бул ишти Жогорку сот кароодо. Министрлик акыркы чечими кабыл алына электигине байланыштуу ал кызматына кайрадан орношо албай турганын белгилеп жатат.

Маалыматта Касановдун ата-энеси Казакстандын жараны экени белгиленип, ал кыргыз жарандыгын мыйзам бузуу менен алганбы же жокпу деген маселе текшерилип жатканы жазылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.