Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи

Окуялар тизмеги 05 Мар 2019 11:02
0 ой-пикир

Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Соттук жараян январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу каралат.

Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу сотко арыз даярдалып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

— Кодекстерге байланыштуу болгону 1,5 жылы эле кыскарат экен. Ага анчалык кызыкчылыгыбыз жок. Биз жаңы ачылган жайдайларга байланыштуу даярдап жатабыз. Өкүмдө көрсөтүлгөн төрт күбө тең кайтадан көрсөтмө берип, бизди кыйнап жаздырган, Жапаровдун бул ишке тиешеси жок деп видео кайрылуу жасаган. Андан сырткары шаардык соттун төрайымы Жаңыл Мамбеталы Тартип комиссиясынан эскертүү алып жатат. Ал ошол сотто төрагалык кылып отуруп, басым жасаган. Анын өкүмү мыйзамсыз болуш керек да.

Январдын башында Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишин жаңы жагдай боюнча кайра карап чыгуудан баш тарткан.

2013-жылы «Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматы январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу камактагы 3000ге жакын жарандын, анын ичинде саясатчы Садыр Жапаровдун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.