Болгарияда өткөн мелдеште Кыргызстандан барган спортчулар алты медаль утушту

Окуялар тизмеги 04 Мар 2019 11:11
0 ой-пикир

Болгарияда өткөн «Дан Колов – Никола Петров-2019» эл аралык турнирине Кыргызстандан барган спортчулар алты медаль утушту. Бул тууралуу «Бириккен күрөш дүйнөсүнүн» расмий сайтында жазылды.

Алтын медалды Мурат Рамонов алды. Коло медалдарды Асан Сулайманов, Руслан Царев, Рустам Тейишов, Жоламан Шаршенбеков, Узур Жузупбеков жана кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова ээлешти.

Болгариянын Русе шаарындагы турнир 28-февралдан 3-мартка чейин болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.