Таалайбек Жайылов Токтогул районуна аким болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 02 Мар 2019 10:01
0 ой-пикир

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-мартта кол койгонун өкмөттүк аппарат кабарлады.

Таалайбек Жайылов 2008-жылдан бери Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүн жетектеп келген. Ооган согушунун ардагери, үч уул, бир кыздын атасы.

Токтогул районунун мурдагы акими Майорбек Сатымкулов 22-февралда өкмөт башчынын буйругунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.