Клара Сооронкулова «Улуттар биримдиги» партиясынын комитет катчысы болуп бекиди

Окуялар тизмеги 01 Мар 2019 17:58
0 ой-пикир

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Улуттар биримдиги» партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу партия тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда белгиленгендей, партиянын мурдагы катчысы Рысбек Мирзаматов жеке шарттардан улам кызматын өткөрүп берди. Саясий кеңештин 1-марттагы Оштогу кезектеги отурумунда Сооронкулова бир добуштан бекиди.

Соңку жыйында ошондой эле партиянын Ысык-Көл, Тоң райондору жана Балыкчы шаары боюнча координаторлугуна Мелис Жоошбаев, Талас облусу боюнча координаторлугуна Бактыбек Жолдошбеков шайланып, саясый кеңештин мүчөлүгүнө окумуштуу, коомдук ишмер Сулайман Кайыпов кошулду.

Билдирүүдө партиянын саясий кеңешиндеги жана аткаруу комитетиндеги кадрдык жаңылануу партиянын саясий ишмердигинин жаңы баскычка көтөрүлүшү катары белгиленген.

Аталган партияга келгенин Клара Сооронкулова өзү да «Азаттыкка» ырастап, саясий максаттар үчүн ушундай сунушту кабыл алганын билдирди. Ал келерки шайлоолорго карата «Улуттар биримдиги» жаңы күчтөрдү топтоого киришкенин да кошумчалады.

«Улуттар биримдиги» саясий партиясынын лидери — Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. Ал өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда экс-мэр Түркияда жүргөнү кабарланууда.

«Улуттар биримдиги» партиясы буга чейин Ош шаардык кеңешине 20дан ашык орунга ээ болуп турган. 2015-жылкы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясына кошулуп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.