Картөшкөнү поезд менен экспорттогондорго жеңилдик берилди

Окуялар тизмеги 28 Фев 2019 16:20
0 ой-пикир

1-майга чейин экспорттоо үчүн картөшкөнү темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүгө 50 пайыздык жеңилдик берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө бул чечим айыл чарба өндүрүмүнүн экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганы айтылат. Чечимди «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы аткарат.

Билдирүүдө картөшкөнү поезд менен ташуунун суммасы мурда канча экени, жеңилдик берилгенден кийин канча сумманы түзгөнү так белгиленген эмес.

Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай турганын айтып жатышат. Айыл чарба министрлиги болсо бул сумма 66 миң тоннаны түзөөрүн билдирүүдө.

19-февралда Казакстан Кыргызстандан картөшкө сатып алууга убактылуу тыюу салган. Былтыр Өзбекстан да чектөө киргизип, эки үч айдан кийин кайра уруксат берген эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.