Жээнбаева: Бакиевдердин убагында уурдалган 250-300 млн. долларды кайрып алуу аракети жүрөт

Окуялар тизмеги 26 Фев 2019 09:06
0 ой-пикир

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда уурдалган каражаттын суммасы 250-300 млн. долларга чейин деп бааланган. Учурда ушул каражаттарды кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди:

— Баалоо (Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражатты – авт.) 2010-жылы эле жүргүзүлгөн. Мунун көбү АУБ («Asia Universal Bank»​) банкынан чыгарылган болчу. Ошол активдер чет мамлекетте жүрөт. Ошону кайтарып алууга мүмкүнчүлүктөр бар, бирок катуу аракет кылып, жолдорду издешибиз керек. Анын изин билебиз, бирок дагы жумуштарды алып барыш керек… Америкадан сырткары башка мамлекеттер менен, Улуу Британия, Швейцария, Европанын башка мамлекеттери менен сүйлөшүш керек.

25-февралда АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кол коюлган биргелешкен билдирүүгө ылайык, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жана анын уулу Максим Бакиевдин учурунда уурдалган 4,567 млн. доллар Кыргызстанга кайтарылып берилет.

Билдирүүдө айтылгандай, АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолгон Евгений Гуревичтин 6 млн. доллар акчасы конфискацияланган. Кыргыз өкмөтү АКШнын Юстиция министрлигине жазган өтүнүчтүн негизинде 2018-жылы 4-октябрда АКШнын Юстиция министрлиги каражаттарды бошотуп берүү боюнча кайрылууну ырастап берген. 6 млн. доллардын 4,567 млн. доллары табылып, ал каражат кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилүүгө тийиш деп табылган.

Евгений Гуревич былтыр «Азаттык» менен болгон маегинде өзү жөнүндө жана Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен 300 млн. доллар жөнүндө айтып, Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийлиги менен кызматташууга даяр экенин да билдирген эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.