ТИМ: Кытайдагы лагерде кыргыздар кармалып турганы боюнча маалымат ырасталган жок

Окуялар тизмеги 23 Фев 2019 12:28
0 ой-пикир

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 22-февралда Үрүмчү шаарында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Шохрат Закир менен жолукту.

Жолугушууга Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернатору Дилшат Кыдыркан дагы катышты. Анда кыргыз-кытай аймактык, чек ара, инвестициялык кызматташтык маселеси талкууланды. Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Кытайга сатуу, эки тараптуу сооданы илгерилетүү боюнча сөз болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Шинжаң-Уйгур автономдуу району менен кызматташуу комплекстүү мүнөзгө ээ. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн 80 пайызы ушул район аркылуу өтөт”, — деди министр Айдарбеков.

Өз кезегинде Шохрат Закир коопсуздук, терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү багытында кызматташуу маанилүү экенин белгиледи. Майда мыйзам бузуулар үчүн кармалгандарды окуткан кесиптик-техникалык билим берүү борборлорунун мааниси жана ролу тууралуу айтып, анда этникалык абалына басым жасалбай турганын белгилеген. ТИМ муну менен аталган борборлордо этникалык кыргыздардын кармалып турганы боюнча маалымат ырасталбаганын кабарлады.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылы тарай баштаган.

«Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин маалыматына караганда, Бээжин расмий «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат.

28-30-декабрга чейин 12 өлкөнүн дипломаттары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан аймактарындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан. Шинжаңга Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин дипломаты да барганын тышкы иштер мекемеси бышыктап, бирок жабык жайларда канча кыргызга жолукканы, алардын абалы боюнча маалымат айтылган эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.