Болотбек Марипов. Инвестициялар тууралуу

Экономика 21 Фев 2019 17:40
0 билдирүү

Биз окуяларды кандай болсо,

ошол бойдон көрбөйбүз

Өзүбүз кандай болсок,

ошондой кабыл алабыз.

Талмуд

Тээ биринчи президенттин маалынан тарта эле биздин өлкөдө ички ресурстар жок, өнүгүү үчүн инвестициялар жетишсиз, ошондуктан чет жактан инвестицияларды тартуу зарыл деген түшүнүк жашап келет.

Башында эл аралык каржы институттарына ишеним артып – алар келип акча салат, курат, кандай жашоону жана иштөөнү үйрөтөт деп келгенбиз. Андан бери далай жылдар өтүп, далай суулар акты. Бирок карыздардан башка көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарды көрө алган жокпуз. PESAC программасы биздин индустрияны көмүп койду, ал эми Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы тарабынан тынбай каржыланып жаткан структуралык реформалар натыйжа берген жок. Бир сөз менен айтканда, башкалардын акылы менен жашап кетүүгө мүмкүн болгон жок.

Жакында эле инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги 2018-жылы жасаган иши тууралуу коомчулук алдында отчет берди. Мамлекеттик аппарат болгону 28.2 млн долларлык 9 долбоорду ишке ашырганы, 397 (!) жумуш оруну түзүлүп, 3 млн сом салык төлөнгөнү белгилүү болду. Бул көрсөткүчтөр көңүл жылытарлык эмес.

Аны менен катар эле алар “…Кыргызстанда түз инвестиция тартуунун төмөндөшүнүн негизги себеби жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы көйгөй” экенин белгилешти. Демек, азырынча биздин жарандар өз жеринде башкаларды кабыл алууга даяр эмес жана алар сууну, жерди булгап, ал аймакка өздөрүнүн чет элдик жарандарын жумушчу катары алып келет деген күмөн саноо бар. Көйгөй эмнеде? Көрө албастыкпы, ишенбөөчүлүкпү, карым-катнаш түзүүдө тажрыйбанын жоктугубу? Балким кептин баары “инвестор” деген соз бизде чет элдик капитал булагы катары кабыл алынганында болуп жүрбөсүн? Жада калса бизде Мыйзам аркылуу чет элдик инвесторлорго мамлекеттик кепилдиктер берилет.  Бирок жергиликтүү инвесторлор үчүн шарт түзгөн бирөө жарым барбы?

Жергиликтүү инвестор – бизде басынтууларга, куугунтукка дуушар болгон субъект. Аны эч ким сыйлабайт, анын укуктары менен эч ким эсептешпейт. Андан салык төлөгөн жоксуң деп шектенишет, ал фискалдык жана укук коргоо органдарынын багуучу базасы. Бирок ага карабастан ал өлкөнүн өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошуп, чыдамкайлык менен ишин улантат. Калгандарынын баарынын жаратылышы бир – алар убактылуу гана инвесторлор. Төңкөрүштөр болгондо Кыргызстанда кимдин капиталы калат? Чет элдиктер биринчи кезекте капиталын чыгарып кетүүгө аракет кылат. Жергиликтүү инвестор гана эч нерсеге карабай иштөөгө даяр экенин эки жолку төңкөрүш көрсөтпөдүбү…

Экономикада жазылбаган мыйзам бар – өлкөдө ички инвесторду сыйлоону үйрөнмөйүнчө ички рынок өнүкпөйт жана чет жактан олуттуу инвесторлор келбейт (сөз авантюристтер жана спекулянттар тууралуу эмес). Эмнеге?

Жообу жөнөкөй эле. Каражаттарын бул же тигил өлкөгө инвестиция кылууну пландап жаткан инвестор иштин өнүгүү сценарийин баалап чыгат, анын ичинде терс көрүнүштөрдү дагы. Аргасыздан ал өлкөдөн чыгып кетүү керек болсо кандай чара колдонорун дагы ойлонот. Бул жерде себептер ар түрдүү болушу мүмкүн – рынок шарттары, жергиликтүү тургундар, формалдуу эмес топтор, мамлекеттик түзүмдөр менен конфликттер ж.б.  Имаратты, жабдууларды, технологиялык процесстерди, өнүмдөрдү, инвестицияларды, кызматкерлерди алып чыгып кетүү мүмкүн эмес. Бир жол гана калат – бизнесин сатуу. Азыркы шартта инвестор кимге бизнесин сата алат, себеби бизде атаандаштык рыногу жок да? Экономика өнүкпөгөн жерде, рынок да аксап турат, рынокто иштеп жаткан субъекттер да аз дегендей…

Бул жерден Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүндө маанилүү ролду чет элдик инвесторлор эмес, жергиликтүү инвесторлор ээлегендиги көрүнүп турат. Тактап айтканда, тышкы инвестициялар жергиликтүүгө салыштырмалуу кайра куруу башталгандан кийин келишти, ортодогу айырма ондогон жылдар.

Биздин ата мекендик инвесторлор каражаттарын азыр кайсы жакка салышат? Ишке кирип жаткан ишканалардын акцияларына жана облигацияларына эмес. Каражаттар кыймылсыз мүлктөргө жана унааларга салынса, айрымдары банктарга депозитке салышат. Ячейкаларга салгандар да бар (Финчалгындоонун акыркы аракеттеринен кийин бул практика да жок боло баштады). Тамактануучу жайларга, сулуулук салондоруна, машыгуу залдарына, оюн салондоруна каражат салгандар да жок эмес. Тандоо чектелүү гана. Өндүрүш ишканаларына акча салган киши жок. Себеби эмнеде? Перспективаларды көрбөгөн адам чоң сумманы өндүрүшкө салуудан коркот. Ошентип биздин капиталдар башка экономиканы көтөрүү үчүн “эс алып жатат”.

Инвестициялык климатка ишеним арттыруу – күн сайын аракетти талап кылган процесс жана азырынча мамлекеттик түзүмдөрдүн бири да муну менен алек болгон жок. Биздин ата мекендик инвесторлор үчүн татыктуу орун качан пайда болот?

Же биздин өлкөнү Африка өлкөлөрүндөгүдөй тагдыр күтүп жатабы? Ал мамлекеттерде баарын чет элдик капитал башкарат дагы, жергиликтүү калк кызмат көрсөтүүчү эмгек ресурсу гана…

 

Болотбек Марипов – атайын Elgezit.kg сайтындагы блогу үчүн

 

 

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.