Жээнбеков: «Азыр элетке көңүл буруп жатабыз»

Окуялар тизмеги 20 Фев 2019 14:44
0 ой-пикир

Ишкерликти колдоого багытталган финансылык каражаттардын 80 пайызы Бишкек менен Чүйгө жумшалган. Мындай маалыматты президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты.

Анда мамлекет башчы башка аймактарга көп көңүл бурулбай калганын эске салды.

“Азыр элетке көңүл буруп жатабыз. Чакан жана орто бизнес аймактарда өнүксө, экономика, жумушчу орундар жана салык туруктуу болот, миграция кыскарат”.

Президент эл менен болгон жолугушууда аймактарды өнүктүрүүгө кийинки жылдары да артыкчылык берилерин айтты.

Мамлекет башчынын айтымында өткөн жылы Мамлекеттик кепилдик фонду тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 млн. сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Жергиликтүү бийлик аймактарга да кепилдик фондун тартып келип, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү керектигин айтты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болот. Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.