Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке 1 миллиард 52 миллион сом түштү

Окуялар тизмеги 20 Фев 2019 10:10
0 ой-пикир

Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн эсепке 1 миллиард 52 миллион 665 миң сом акча түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 497 миллион 916 миң 100 сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 194 миллион 905 миң 500 сом, Башкы прокуратура 357 миллион 657 миң 700 сом, Ички иштер министрлиги 2 миллион 185 миң 600 сом төккөн.

Былтыр 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

Токтомго ылайык, бул эсепке экономикалык жана кызмат адамдарына козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган каражаттар топтолот. Анда мамлекетке келтирилген чыгымдар кайтарылып, өзүнчө эсепте сакталып, өкмөттүн чечими менен бөлүштүрүлөт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.