Элдик курултайларды өткөрүүдө жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү

Окуялар тизмеги 20 Фев 2019 16:56
0 ой-пикир

Элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жумушчу топтун курамына Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Жумушчу топту Дыйканбаев Курманбек жетектейт. Есеналиев Максатбек жумушчу топтун жетекчисинин орун басары болду.

Жумушчу топтун мүчөлөрү катары Акматов Алмазбек, Гайпкулов Искандер, Кожоев Мирбек Усубалиев Максат ,Мурзалиева Жыргал , Салиев Бахтияр, Молдокасымов Кыяс, Турсунбек Акун жана Кошалиев Кадыр дайындалды.

Жумушчу топко 2019-жылдын 1-сентябрына чейин элдик курултайлар жөнүндө мыйзамдарын өзүнчө мыйзам долбоору түрүндө иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жүктөлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.