Жогорку Сот: Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчү Биринчи Май райондук сотуна келип түштү

Окуялар тизмеги 18 Фев 2019 09:27
0 ой-пикир

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүч сотко келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү 13-февралда Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөн.

«Азырынча райондук сот материалдарды Жогорку Сотко жөнөтө элек» деди маалымат кызматы.

Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жиберишкенин кабарлашкан.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.