Буга байланыштуу Улуттук филармонияда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүп жатат. Мамлекет башчы сөзүндө ооганчы аскерлерди куттуктап, Кыргызстан тынч болушу үчүн жалпы Борбор Азия аймагы тынч болушу керектигин айтты:
— Борбор Азия бүгүн дагы дүйнөлүк коомчулуктун назарында, анткени азыр дагы согуштук аракеттер болуп жатат. Биз ооган бийлигинин аймакты тартипке келтирүү боюнча аракетин колдойбуз. CASA долбоору ишке ашса, Кыргызстан электр энергиясын Ооганстан, Пакистанга экпорттоосуна кеңири мүмкүнчүлүк ачылат. Ал үчүн аймакта тынчтык болушу керек.
Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз жарандарынын ар кандай террордук топторго кошулуп кетүүсүнө жол бербөөгө чакырды.
1979-89-жылдары Ооганстанда «интернационалдык кызмат өтөөгө» 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.