Айыппулду текшергенге мобилдик тиркеме ишке кирди

Окуялар тизмеги 15 Фев 2019 13:59
0 ой-пикир

Жол эрежесин бузган айдоочулар айыппулду мобилдик тиркеме аркылуу көрө алышат.«Намба Софт» жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “Коопсуз шаар” үчүн атайын айып пулдарын текшерүүгө ылайыкташкан тиркеме иштеп чыгышты. Анда эржени бузган үчүн салынган айыппулун жана түзүлгөн протоколду көрүүгө болот. Текшерүү үчүн тиркемени жүктөп, ага паспорт жана автоунааны номерин жазуу жетиштүү. Аталган тиркемени «Play Маркеттен» көчүрүп алса болот. Кызмат тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборунда айтылды.

Бул тиркеменин алгачкы версиясы. Ага дагы айып пул жазылганда атайын билдирүү келип жана аны онлайн төлөө кызматтары кошулары айтылууда. Жаза пулдары унаа ээсине жазылгандыктан, жарандарга тийешелүү унааларын өз аттарына каттатуу сунушталат.

Эске салсак, 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине жана аймактарга коюлган 17 камера иштей баштаган. Алар жол эрежесин бузуунун жети түрүн каттоого алат.

Жол эрежесин бузганы үчүн эң чоң айып пулдун көлөмү 23 миң сомду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.