Россиянын экинчи аскердик базасы. Андрей Грозиндин кыскача баяны

Статьялар 08 Фев 2019 15:49
0 ой-пикир

Өткөнгө көз чаптырсак

Кыргызстанда түштүк чек араларын бекемдөө керектиги боюнча маселе биринчи жолу Өзбекстандагы Анжиян окуяларынан кийин көтөрүлө баштаган. 2005-жылы жайында президенттик шайлоо алдында бул маселени Феликс Кулов көтөрүп чыккан.

Андан соң 2009-жылы Бакиев Президент болуп турган маалда түштүктө аскерлерди машыктыра турган база же борбор ачылары тууралуу кептер айтыла баштаган.

Бул темага кийин 2012-жылы да кайтып келишти. Баса, ошондо Россиянын аскердик базасын ачууга Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов каршы чыккан.

Атамбаев өлкөнү башкарып турган маалда түштүктө экинчи базаны ачуу боюнча бийликтин позициясы өзгөргөн жок. 2016-жылы маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан башкалардын армиясына эмес, өзүнүн куралдуу күчтөрүнө таянышы керектигин билдирген.

2017-жылдын июнь айында Путин менен Атамбаевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу кеңейери жана Тажикстан менен болгон чек арага Россиянын аскердик базасынын жайгашуусуна эч ким каршы эмес экени айтылган.

Ошол эле жылы октябрь айында премьер-министр Сапар Исаков Россиянын борборуна барып, Москва менен Бишкек экинчи аскердик база тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айткан.

Аскердик база тууралуу кезектеги талкуу 2018-жылдын май айында Президент Сооронбай Жээнбековдун ТАСС агенттигине берген маегинен кийин жанданган. Анда өлкө башчы төмөнкүлөрдү айткан:

 «Ооба, бул маселе мен Президент болгуча эле каралып баштаган. Бирок азырынча акыркы чечим кабыл алына элек. Биздин көз карашыбызча, Афганистандагы абал, анын коркунучу жана чакырыктары Борбор Азия аймагы үчүн коллективдүү чара көрүүнү талап кылат.

… Афганистандагы абал коопсуздук маселесин биригип чечүүгө алып келет. Экинчи аскердик базаны түштүк аймагына ачуу терроризм, экстремизм жана баңгизаттардын аткезчилигине каршы турууга багытталат. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу менен кыргыз мамлекетиндеги аскер бөлүктөрүнүн да деңгээли жогорулайт», — деген президент өз сөзүндө.

Акыркы айларда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жергиликтүү жана Россиянын ММКсына берген маеги Россиянын экинчи базасы тууралуу талкууга жем таштады.

Дүйшөмбүдө Россиянын ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Бишкекке келгенде экинчи базаны ачуу кыргыз тараптын демилгеси экенин билдирип, Москва бул маселени талкуулоого даяр экенин айткан.

«Кыргыз тарап конкреттүү болушу керек»                                      

Россиянын Кыргызстандагы экинчи аскердик базасы боюнча КМШ институтунун Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, коопсуздук боюнча эксперт Андрей Грозин менен маек курдук.

Elgezit.kg: “Бизде Россиянын Кыргызстанда экинчи аскердик базасы ачылары тууралуу талкуу кайрадан башталды. Бул маселе биздин жаңы элчи бул маселени көтөрдүбү же бул Ак үйдүн кабинеттериндеги талкуулардан кийин чыктыбы азырынча белгисиз. Эми мартта Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга келгенде бул тема күн тартибинин негизин түзөт го деген ойлор жаралды. Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстанга Россиянын дагы бир базасы керекпи же жокпу?”

— Албетте, база керек. Геосаясий кырдаалдардан сырткары Россиянын прагматикалык ой жүгүртүүлөрү да бар. Түштүк аймактар, Жалал-Абад, Ош жана Баткен бул Фергана өрөөнүнүн бөлүгү, ал эми Фергана өрөөнү эксперттер тарабынан кооптуу чакырыктарга бай аймак катары каралып келет. Башкача айтканда, Борбордук Азияда бир нерсе өрттөнсө, демек анын башаты дал ошол өрөөн болот. Ошондуктан баарына даяр болуу керек.

Elgezit.kg: Эгерде база Россияга да керек болсо, анда Москва эмнеге жөнөкөй гана расмий жооп менен кутулду?

— Россия мониторингди жеринен жүргүзсө, албетте ыңгайлуу болот. Бирок бул эмне объект болот, анын ролу кандай болот аныктап алуу керек. Анын техникалык, сандык сапаттык жактарын чечүү зарыл. Менимче, Лавров бир топ деталдарды, маселелерди талкуулоо керек деп, ушул нерсени айткысы келген. Ошондуктан Россия тынч жана абайлап реакция кылып жатат деп ойлойм. Бул маселе Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын президенттеринин деңгээлинде чечилет окшойт. Башкача айтканда, марттагы сапардан кийин билинет.

Elgezit.kg: Жаңы аскердик объект кандай болушу мүмкүн? Ал жаңы авиабаза болушу мүмкүнбү же жалпы аскердик базабы?

— Азырынча Россиянын эксперттеринде бул суроого жооп жок. Жаңы аскердик элемент тууралуу эч кимге белгисиз. Ал окуу борбору, мониторинг борбору, логистика менен байланышкан борбор, балким аскердик база, жаңы аэродром болор, азыр белгисиз. Суроолор өтө көп. Биз абалга көз салып, кыргыз тараптын конкреттүү сунуштарын күтөбүз. Кыргызстан эмнени каалап жатат жана эмнеге экенин билүү зарыл. Ооба, Кыргызстан биздин стратегиялык өнөктөш, бирок түштүктө жалпы аскердик база жайгаштыруу чечими кабыл алынбаса керек. Себеби, Тажикстанда Россиянын 201 аскердик базасы бар жана Россиянын Коргоо министрлиги ал жакта аскердик күчтөрүн көбөйтүүнү каалап жатат дегенди мен уга элекмин. Сөз кандайдыр бир атайын объект тууралуу болушу мүмкүн. Мониторинг объекти, окуу-машыгуу борбору. Жөн гана база эмес, көп профилдүү объект болуп, көптөгөн маселелерди чечсе, үмүт акталмак. Россия дал ушундай объектке ыктап жатат деген маалыматым бар.

Elgezit.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.