Канатбек Азиз – натыйжасыз, бирок зарыл сот реформасы тууралуу

Саясат 08 Фев 2019 11:31
0 ой-пикир

Кыргызстанда бийлик кезектеги сот реформасын жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тармактагы реформа тогузунчу жолу болуп жатканын унутуп калышкандай.

Башында мындай реформа Конституциялык сотто болуп, ал орган Палата деп аталган. Кийинки “реформатордук” кадам жаңы коомдук орган – Сотторду тандоо кеңешин түзүү болду. Ал аркылуу жаңы сапаттуу сот корпусун шайлоо пландалган. Ал эми сот отурумдарын он-лайн көрсөтүү дагы бир жаңычылдык болгон. Бул жардам бердиби? Муну системалуу реформанын башталышы деп санасак болобу? Албетте, жок!

Патриот адам катары мен үчүн Конституциялык палата кандай аталары эмес, сотторду кайсы органдар тандары эмес, соттук отурумдар он-лайн көрсөтүлөрү эмес, мен сотторго ишенемби же жокпу, ушул маселе маанилүү. Соттук система объективдүүбү — ушул маанилүү. Мен ким менен соттошуп жатканыма карабай, ал Президентпи, депутатпы, артистпи, сотпу же прокурорбу, бандитпи, адилеттүүлүк болобу, мына ушул маанилүү. Бүгүн Кыргызстанда мындай ишеним жок! Жакынкы арада болору дагы күмөн. Бул ачуу чындык.

Кыргыз сотунун азыркы абалы өтө начар, дегеним кандай окуяга туш болбо адилеттүү чечимге ээ болуш үчүн болушунча чуркооң керек. Ал болсо 90% акчаңдан жана таанышыңдан көз каранды. Ооба, ооба чындык үчүн биз төлөшүбүз керек. Же “жогорку” жакта тааныш болушу шарт.

Тилекке каршы, бийликте отургандар кызматтан кеткенден кийин гана бул көйгөйдү көрүп башташат. Ага чейин соттордун чыныгы абалын “билбей” жүрө беришет. Мисалы, ошол эле Алмазбек Атамбаевди алалы. Кечээ эле өзүнүн колго алган соттору аркылуу баарын соттоп жаткан. Бүгүн алар анын жакындарын соттошууда. Экс-президент жана анын айланасындагылар болсо өздөрү түзүп, болушунча бекемдеген системаны күнөөлөп жатышат. Өз кезегинде Атамбаев бул абалды оңдосо болмок да?!

Реалдуу реформалар тууралуу айта турган болсок, алгач соттордун ой жүгүртүүсүн өзгөртүү зарыл. Соттордун гана эмес, жалпы укук коргоо органдарынын. Жада калса бүтүндөй  бийликтин. Аны кантип ишке ашыруу керек, бул башка маселе.

Ал үчүн мыйзамсыз, адилетсиз чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартуу керек. Акыркы жылдардагы чуу болгон окуяларды алсак болот. Кайталайм, сотторду гана эмес, ага катышы бар укук коргоо органындагылардын баарын эл көзүнчө кармап, жазалап, ал иштер боюнча соттор болушунча ачык жана адилеттүү өтүшү керек.

Соттор адилетсиз чечим чыгарса кандай келечек күтөрүн элестете албагыдай болушу керек. Себеби, өтө катаал чараларды көрмөйүн биз адилеттүүлүккө жете албайбыз.

Учурда Сооронбай Жээнбеков чыныгы соттук реформаны баштаса болот, ал үчүн баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Чечимдерди жогорку жактын сөзүнө же капчыкка карап чыгарууну токтотуу керек. Себеби, чыныгы көз карандысыз жана акыйкат сот системасы жана укук коргоо системасы Сооронбай Жээнбековдун өзү үчүн эле ыйгарым укуктары токтогондон кийин коопсуздукту камсыз кылары анык.

 

Канатбек Азиз, саясий илимдердин доктору, доцент — атайын Elgezt.kg үчүн

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.