Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысына сөгүш берип, эки орун басарын кызматтан бошотту

Окуялар тизмеги 05 Фев 2019 12:09
0 ой-пикир

Буга байланыштуу Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады, ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен байлыктарды иштетүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы күн мурун өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйыны тууралуу эскертти, анда кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата негиздүү сын айтылган.

«Өлкөбүздүн жаратылыш байлыктары – бул элибиздин байлыгы.  Муну эске алуу менен мамлекеттин башкы милдеттеринин бири улуттук кен байлыктарды өлкөнүн кызыкчылыгында рационалдуу пайдалануунун натыйжалуу тутумун куруу болуп саналат. Бирок, тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер дагы күнөөлүү. Өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп алар ачык саботажга чейин жетишүүдө», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган, мамлекеттин, ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

«Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектте иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону, пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун жана экологиялык жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап чыгууну тапшырганмын. Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.