«Муктаждык болсо тил болот»

Интервью, Коом 01 Фев 2019 16:07
2 ой-пикир

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү темасын улантабыз. Бакыт Төрөбаев, Адиль Турдукулов, Дастан Бекешев жана Канат Азиз кыргыз тилинде сүйлөө мода болушу үчүн кандай аракеттерди кылуу керектиги тууралуу ойлору менен бөлүшүштү.

Бакыт Төрөбаев, КР ЖКнын депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери:

— Бүгүнкү күнү кыргыз тили актуалдуу эле болуп калды деп ойлойм. Калктын 70%га жакын бөлүгү эне тилинде сүйлөшөт. Эгерде тарыхка үңүлүп, Совет мезгилин карай турган болсок, биз кыргыз тилин өнүктүрүүдө бир топ алдыга жылдык. Жада калса, бүгүнкү күнү атайын чараларды кабыл албасак деле жашоо өзү бизди мамлекеттик тилде сүйлөөгө үйрөтүп жатат. Аткаминерлер, биздин жаштар кыргыз тилинде сүйлөөгө аракет кылып жатышат. Бул мактанарлык көрүнүш.

Менин оюмча эки тилди тең сактап калуу маанилүү. Биз орус тилин жоготуп албашыбыз керек. Кайрадан эле совет доору менен салыштыра турган болсок, айылдарда орус тилин жакшы билбей калышты. Мурда айылда да орус тилин мыкты билишчү эле. Эки тил биздин байлыгыбыз. Биз бул эки тилди гана эмес, башка тилдерди билүүбүз дагы зарыл. Бул өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чоң түрткү болмок. Биздин жарандар негизинен үч тилди билүүсүнө аракет кылышыбыз абзел. Эне тили катары кыргыз тилин, анан орус жана англис тилдерин.

Адиль Турдукулов, коомдук ишмер, укук коргоочу:

— Элдерди кайсы бир тилде сүйлөтүү, ал тилди модага айлантуу үчүн мамлекет эл ичинде ал тилге суроо-талап, муктаждык жаратышы керек деп ойлойм. Тилекке каршы, бизде мындай эмес. Биз 20 жылдан бери иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү тууралуу айтып келебиз. Бирок, айрым мекемелер азыркыга чейин иш-кагаздарын кыргыз тилинде жазбай келет. Буга бир мисал Тышкы иштер министрлигин айтайын. Мамлекеттик кызматка кадрларды тандап жатканда кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билүү талабы болушу керек деп эсептейм. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул өтө маанилүү.

Ал эми маданий тармакта болсо, мисалы, телевидение аркылуу башка улуттун өкүлдөрү кыргызча берүүлөрдү алып барып, ток-шоулар уюштурулса жакшы болмок. Мен мисалы, телевидениедеги берүүлөрдү кыргызча жана орусча деп бөлүүнү туура эмес деп ойлойм. Мисалы, Украинаны алалы, бизге жакында тренинг учурунда 2 тилди бир эле маалда колдонушарын көрсөтүштү. Элдер бири-бирин сонун түшүнүп жатышат, эч кандай тоскоолдуктар жок. Ошондуктан бизде баардык берүүлөр бөлүнбөй орус жана кыргыз тилинде болсо жакшы болмок. Башкача айтканда, талкуулар, ошол эле ток-шоулар… Ишти ушундан башташ керек деп ойлойм.

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү:

— Азыр бизде кыргызча сүйлөө мода эмеспи? Менин оюмча, мындай көйгөй жок. Бар болсо дагы Бишкек шаарында эле. Иш-кагаздарын кыргыз тилине өткөрө албай жаткан айрым мамлекеттик органдарда көйгөй бар. Бирок бул адамдардын кыргыз тилинде сүйлөй албаганы менен байланыштуу эмес. Алар кимдир бирөөлөргө арызды орус тилинде жазуу ыңгайлуу экенин айтып келишет. Балким бул тууралуу ачык айтышпайт, бирок мен мындай сөздөрдү көп эле уктум. Айрымдар мисалы эмгек өргүүсүнө чыгуу тууралуу арызды кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жазуу ыңгайлуу деп айтышат. Бул айрым адаттарга байланыштуу го. Себеби, 80-90-жылдары баары орус тилинде жазышчу эмес беле. Эми бул жакшы бул жаман деп айтып, аны менен күрөшүүнүн деле кереги жок го.

Баары бир кыргыз тили популярдуу болот, ал азыр дагы популярдуу. Эч кандай маселе жок. Ал эми кыргыз тили сабагын башка улуттардын жарандарына киргизүү боюнча мен дагы ар түрдүү ыкмалардын тарапташы болчумун. Эң башкысы балдарга мектептен тил үйрөтө албай жатканыбызда. Себеби грамматиканы көп үйрөтүшөт. Анын ордуна көп сүйлөтүү керек.

Ал эми башка тармактарда болсо экономикага байланыштуу иш жүрө берет. Биз англис тилин үйрөнүп жатабыз, себеби бул пайдалуу. Эгерде тил кереги жок болсо үйрөнбөйт элек дегендей.

Канат Азиз, саясий (юридикалык) илимдердин доктору:

— тилекке каршы, мамлекеттик тилди билүү биз үчүн номиналдуу болуп калды. Ал биздин ата-энелерибизге тиешелүү. Ал улуттарга да тиешелүү болуп калды, кыргызсыңбы тилди билишиң керек деген сыяктуу. Бирок азыр ошол эле Казакстан, Өзбекстан менен салыштырып көрсөк, ал жакта улутуна карабастан баардык жарандар мамлекеттик тилде сүйлөшөт, бизде тилекке каршы, мындай эмес.

Биз милдеттендирип жатабыз, пландап жатабыз, айып пул салууга аракет кылабыз жана башка. Бирок бул жерде биринчи орунда артыкчылыктар болушу керек эле.

Мисалы, жогорку билим мамлекеттик кызматта иштөөгө жол берет, жогорку кызматтарда жана жеке компанияларда иштөөгө жол ачат. Карьера жасаганга тепкич болот ж.б. Мамлекеттик тил саясатында дагы дал ушундай шарттар болуш керек. Кыргыз тилин тиешелүү деңгээлде билесиңби, демек сенде мамлекеттик кызматта иштөөгө, бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк көп болушу абзел. Мүмкүнчүлүк түзүү менен жана дем берүү менен гана кыргыз тилин өнүктүрүп, Кыргызстанда эне тилде сүйлөөнү модага айлантсак болот.

Ал эми чет элдик жарандарга келсек, бул түздөн-түз экономикадан көз каранды. Мисалы, биздин мигранттар Россияда иштөө үчүн орус тилин үйрөнүп жатышат. Кандай жумушта иштериң тилди билгениңден да көз каранды. Эмнеге англис тилин үйрөнүп жатышат? Себеби, ал чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Биз экономикабызды күчтөсөк чет элдиктер кыргыз тилин үйрөнүп башташат.

Elgezit.kg

2 ой-пикир “«Муктаждык болсо тил болот»

  1. Кенжегүл

    Менин оюм, Кыргызстанга окууга келген чет элдик студенттерди кыргыз тили курсунан өткөрүп анан ЖОЖдого кабыл алуубуз керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.