Өкмөт  жеңилдиби же же фальстарт абалындабы? Январдагы урунттуу учур

Коом 30 Янв 2019 18:46
0 ой-пикир

Азыркыга чейин эле жаңы кодекстер менен байланышкан түшүнүксүз нерселерге таң калып бүтпөй жаткан учурубуз. 2017-жылдын 24-январында Жогорку Кеңеш кабыл алып, президент аны тастыктап, 5 нормативдик-укуктук актылар 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирери тууралуу Мыйзамга кол коюп жатат. Жаңы эрежелердин, нормалардын маани-маңызын түшүнүү үчүн биздин карамагыбызда туура эки жыл болду.

Биз мыйзамдардын мааниси, ал кабыл алынганга чейин талкууга коюлганы, кол коюу жолдору тууралуу соз кылбайбыз. Коомдук талкуу тууралуу талаптар бар, регулятивдик таасир тууралуу анализ бар. Бул эрежелердин баары сакталганынан күмөнүм жок, бирок кандай жол менен кандай формада болгону табышмак бойдон калууда. Эксперттер нааразы, депутаттардын башы маң, өкмөт ийин куушуруп кутулууда.

Бирок эки жыл… Карапайым калк жаңы айып пулдар тууралуу маалымат чыкканда чуу көтөргүчө эки жыл эмне кылдык? Эми болсо социалдык тармактарга бул иштерди аткаруу үчүн донорлор канча каражат бергени тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Анда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө 3 млн доллар бөлүнгөнү кызуу талкуу жаратты. Аз эмес каражат башка максатта пайдаланылып кеткен. Канча акча кайсы жакка кеткени тууралуу сандарды жазбай эле коёлу, ансыз деле кайсы жакты караба сандар, сандар…

Ошентип 2 жума өтпөй баары будуң-чаң түшүп калышты. Депутаттар өздөрүнүн күнөөсү бар экенин айтышып, өкмөт кемчиликтер көп экенин моюнга алып, жана баарын өзгөртүүгө, баарына макул болуп турган чагы.  Мындан улам бул ишке жоопкерчиликсиз мамиле болгону айдан-ачык көрүнүп турат.

“Урматтуу эл ишенген эр-азаматтар, бул жерде шашпастан, таразаны салмактап, оош-кыйыштарга көз кырын салып чечим чыгаралы!” – деп кыйкыргың келет экен. Бири-бирибиздин башыбызга жугунду куйганга жетишебиз. Азыр болсо мындан кийинки кадамдар кандай болорун так аныктап алуубуз кажет.

Мисалы, абакта отурган айрым жарандар үчүн ошол талкуу башталган 2016-жылдан бери жаңы эрежелер үмүт шооласын чачып келет. Себеби бизде олуттуу мунапыс көптөн бери боло элек. Эми эмне болот?

Дагы бир кызык нерсе — антикытай митингдери. Ал тууралуу баары жазышты, анын ичинде биз дагы, көбүрөөк көңүл бурулганы — анын артында ким турат деген суроо болду. Бирок так жоопту эч ким таба алган эмес. Митингчилерди таркатышты, андан соң эмне болду? Белгилүү коомдук кыймылдын жетекчиси ИИМ, Миграция мамлекеттик кызматы менен биргеликте завод, фабрикаларда иштеген Кытай жарандарынын документтерин текшерүү үчүн рейд жүргүзгөнүн билдирди. Бул өкмөт айрым жарандарга дагы кандай ээнбаштыкка жол берет? Активисттерди тынчтандыруу үчүн кимди курмандыкка чалышат? Ушундан кийин өлкөдө мыйзам үстөмдүгү тууралуу кеп кылууга болобу? Мамлекетти Кытай, Казакстан, Өзбекстан өлколөрүнүн ортосунда жайгашкан “аймак” деп эле атап коюш керекпи?

Эми жаңы өкмөт тууралуу кептер айтылып баштаганына дагы таң калган жокпуз. Аны алмаштырууга эч ким тыюу салбайт деңизчи, бирок бул кандайча болот? Башкаруу коалициясы алмашабы? Мындай болбойт деген ойдобуз, себеби парламентти иш жүзүндө оппозиция болгон партия деле жок да. Бизде башаламандык жана кризис болуп жаткан учурда премьер-министрди акыркы күнөөлүү адам катары бошотуунун кажети барбы? Ушул жерден натыйжа чыгарсак болот, эгер, өкмөт алмашса анда бул фальстарт абалынан кабар берет. Спортту жакшы билгендер фальстарт абалынын негизги себеби – нерв жана нерв экенин айтып беришет… Же башка пландар барбы?

Бизде премьер, министр болуп белгилүү популисттер, коррупционерлер, совет доорундагы адамдар, көп сүйлөгөндөр жана унчукпагандар болуп келди. Бирок дал ушул азыркы өкмөт коркок, тараза ташы жеңил өкмөт катары көз караш калыптандырып келет. Дагы бир жолу айтайын — көз караш калыптандырып келет. Балким ал чыныгы абал эместир, бирок… Азыр өлкөбүзгө кыймыл, өнүгүү, жаңы ойлор, энергия, кайра жаралуу керек. Жылды бирок башкача баштадык…

Азыр өкмөттүн жаңы түзүмү түзүлгөнү жана аны парламентке сунуштары тууралуу маалымат тарады. Демек, депутаттар макул болсо, өкмөт отставкага кетет. Премьер-министрдин ордуна келчү талапкер тууралуу да сөздөр чыкты. Эч нерсе белгисиз болуп турганда эмнеге мындай маалыматтар чыгып жатат? Себеби, жаңы өкмөт башчысына талапкерлерди издөө абдан кызыктуу болуп келген. Бирок биздин эле калемдештерибиз жазгандай, талапкерлердин саны аз, ошондуктан күткөн эффект болбой калышы да ыктымал.

Балким, биз ойлогондой баары начар эместир жана өкмөт канча бир убакыт иштейттир. Бирок чынында да жоопкерчилик алып, өкмөттүн иши анча жаман эмес экенин далилдөө кажет.

Ошентип январь айын жыйынтыктап жатып, кулак кубанарлык деле жаңылык жок экенине күбө болдук.

Ошондуктан, бизге кубаныч, сыймыктануу тартуулаган футболчуларга гана ыраазычылык айтып кетебиз. Келерки Азия кубогун күтөбүз.

 

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.