Венесуэланын кыйраган соцдолбоору тууралуу эки ооз кеп

Саясат 29 Янв 2019 17:16
0 ой-пикир

Акыркы убактарда ММКлардагы негизги тема – Венесуэла болууда. Түштүк Америка континентинин түндүгүндө жайгашкан бул өлкөдө эмне болуп жатканы тууралуу кененирээк маалымат берип кетсек. Кыргызстандыктар үчүн бул окуялардан сабак алчу жагдайлар көп.

Сөз башы

Аймактагы эң ири нефть экспорттоочу өлкөдө абал көптөн бери туруктуу эмес. Азыр тагдыры кылдын учунда турган президент Николас Мадуро оңой эмес чарбага туш болду. 2013-жылы Уго Чавес дүйнө салган соң бийликке Мадуро келген, ошол маалда Венесуэланын мамлекеттик карызы ИДПнын 70% түзүп, бюджет тартыштыгы 14% болгон. Инфляция 60%га жакын болчу. Өлкөнү бул андан алып чыгуу зарыл эле. Жаңы президент экономикалык чабуул жарыялап, андагы негизги чара чакан жана орто бизнес үчүн 30% лимит коюлганында болчу. Натыйжада Венесуэлада кумшекер, майлар жана даарат кагаздары жетишсиз болуп баштаган.

2014-2015-жылдары ансыз деле араң жан болгон экономиканы жаңы кризис толкуну каптаган. Бул нефтинин баасынын төмөндөшүнөн улам келип чыккан. Расмий маалыматтарга ылайык, инфляция 150% түзгөн.

Ушул убактан баштап өлкө экономикасы төмөндөгөндөн төмөндөй берди. Бирок баардык экономикалык жана саясий программалары толугу менен кыйраганына карабастан 2018-жылдын май айында Николас Мадуро экинчи мөөнөткө шайланды.

Мадуро жана анын президент болуп турган кезиндеги «жетишкендиктери»

2013-жылдан тарта Венесуэладан 3 миллиондон ашуун киши эммиграция кетип, баалар ар бир ай сайын 60%-80% жогорулап, инфляция 15 000%дан ашкан. Венесуэладагы экономикалык каатчылыктын символу даарат кагазы болуп калган. Аны сатып алуу мүмкүн эмес болуп калган. Узуун кезекке турганың менен дүйкөндөрдө ал түгөнүп калышы да мүмкүн эле. Ал эми тамак-ашка келсек, мамлекеттик дүкөндөрдө тандоо аз болсо, жеке дүкөндөрдө ал андан дагы аз болчу. Айрандар, соустар жана консервалар негизги товарлар болуп калган. Айлап жаңы товарлар тушпөй калган учурлар да болгон. Албетте көмүскө базарлар да болгон, бирок басы асманды чапчычу. Минималдуу маяна 10 доллар же 27 000 боливар болгонун эске алсак, Венесуэланын орто жашаган жараны эч нерсе ала алчу эмес.

Мындан сырткары, өлкөдө мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин ортоснда талаштар да жаралган.

Шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өторүү үчүн Николас Мадуро Уго Чавестин маалында кабыл алынган Конституцияны өзгөртүшү керек болгон. Мадуро референдум өткөрбөстөн эле, президенттин жарлыгы менен өзгөртүү киргизип койгон. Ошондуктан Америка, Аргентина сыяктуу өлкөлөр жана Евробиримдиктин курамындагы мамлекеттер анын экинчи мөөнөткө келгенин легитмдүү эмес деп келишет. Парламентти көзөмөлдөгөн оппозиция дагы шайлоону тааныбай турганын билдирди.

Мындан сырткары, шайлоого бир формалдуу талапкерден, Чавестин үзөңгүлөшүнөн башка оппозиция өкүлдөрү катышкан эмес.

2019-жылдын январындагы каршылыктар

10-январда Мадуро 20205-жылга чейин Венесуэланын президенти катары ант берди. Болжол менен ошол эле маалда Венесуэланын улуттук ассамблеясы – парламент – төрагалыкка Хуан гуайдону шайлады. Гуйадо шайлангандан кийин дароо эле өлкөдө конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү, коррупциялык жолдор менен элден тартып алынган активдерди кайтаруу боюнча убактылуу орган түзүлөрүн жар салды. Мадуро узурпатор аталып, 21-январда бүткүл өлкө боюнча каршылык акциялары башталды. 23-январда Венесуэланын борборундагы миңдеген киши катышкан митинг учурунда Хуан Гуайдо өзүн өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу атады. Аны АКШ, Канада жана 12 өлкө дароо колдошту. Конституцияга ылайык, Гуайдо 30 күндүн ичинде шайлоо өткөрүүсү абзел. Ошондуктан ал Боливариандык Республиканын жаңы лидери болуп калуусу бул факт.

Евробиримдик 26-январдан тарта жакынкы 8 күн ичинде Мадуро жаңы президенттик шайлоо өткөрбөсө, Венесуэланын Конституциясынын 233-беренесине ылайыык Евробиримдик Хуан Гуайдону убактылуу президент катары тааныйт.

Эксперттер бул Гуайдону Венесуэланын жаңы президенти катары легитмдүүлүгүн билдирерин айтышууда, себеби Николас Мадуро президенттик ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырарынан күмөн бар. Мадурону армия жана Жогорку сот азыр деле колдоп келет.

Бүгүн 29-январь. Демек, Мадуронун Х саатына чейин болгону 5 күн калды. Бирок, шайлоо тууралуу жарыя боло элек.

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.