Кыргызча сүйлөө — мода

Коом 28 Янв 2019 16:59
0 билдирүү

«Адам деген адам да. Акчаны сүйөт, дайыма эле ушундай болуп келген да…Ооба, жеңил ойлуулук…, эмне дейбиз…кадимки адамдар…баары окшош…аларды бузган бул…жоопсуз суроо…» — деп М.Булгаковдун «Мастер жана Маргарита» чыгармасында жазылган ойлор азыр деле өзгөрүүсүз калды десек жаңылышпайбыз. Бирок Кыргызстанда коомчулукту бир гана бул суроо эмес, тил көйгөйү дагы тынчсыздандырып келет.

Кимдир бирөө кыргыз тилин ар бир жаран билиши керектиги тууралуу маселе көтөрүлсө эле, аны дароо «улутчул» деп чыгышат. Андан соң дароо орус тили тууралуу кептер чыга баштайт. Натыйжада коомчулук мамлекеттик тилди кантип өнүктүрүү тууралуу эмес, кайсы тил көп колдонулуп жатканы тууралуу талкуу кылышып, кыргыз жана орус тилдерин салыштырып башташат. Ошентип, кыргыз тилинин айланасындагы кайсы талкуу болбосун орус тилинин Кыргызстандагы макамынын тагдырын чечүүгө барып такалат. Бир сөз менен айтканда коомдук пикирди бурмалоо башталат.

Көпчүлүк учурда атайылап эмес. Бирок айрым саясатчылар учурдан пайдаланып, атактуулук үчүн ат салышып, абалды дагы курчутуп баштайт. Коомчулук алдында курч турган маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна популизм менен алек болуп башташат. Элдин эмоциясынан өздөрүнө бедел жасап, калп патриоттуулугун даңазалап жатышат. Башка тилдерге чектөө коюуну, жада калса, мыйзам чегинде тоскоолдуктарды жаратууну кыргыз тилин өнүктүрүү инструменти катары карашууда.

Бирок, атайылап коомчулуктун көңүлүн башка маселеден оолактатуу үчүн тил көйгөйүн көтөрүп чыккандар да жок эмес. Бир эле кыргызга башы көрүнгөн адамдар эмес, башка оюнчулар дагы тил маселесин атайылап саясатташтырып да жиберишет.

Ал эми Кыргызстанда орус тилине жакынкы убакта эч кандай коркунуч жаралбайт. Себеби өлкө аймагында орус тили азырынча улуттар аралык пикир алышуудагы жалгыз тил. Ошондой эле Евразия биримдигинин аймагында дагы коммуникацияны бекемдеп турган жалгыз курал.

Россияны негизги стратегиялык өнөктөш катары белгилеп жаткандыктан жана мигранттардын көбү Россияда экенин эске алуу менен орус тилинин макамын өзгөртүү эч кандай мааниге ээ эмес

экенин айткым келди. Ушул пикирди жогорку трибунадан айтуу менен бул темалардын айланасындагы талкууга чекит коюу керек.

Өз кезегинде, кыргыз элитасы жана жоопкерчиликтүү массалык маалымат каражаттары кыргыз жана орус тилдерин карама-каршы койбоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүлөрү зарыл. Себеби дал ушул аспект коомчулукта кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу толук кандуу талкуунун жүрүүсүнө чек коюп жатат.

Мамлекеттик тил – бул кыргыздардын гана тили эмес, бул бир өлкөнүн жана анын аймагында жашаган баардык жарандардын тили. Ошондуктан мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу талкуулар жана анын натыйжасында иштелип чыкчу тил саясаты инклюзивдүү болуусу шарт.

2012-жылы Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жакшыртуу Улуттук Программасы иштелип чыккан. Туура сөздөр, туура максаттар. Бирок өлкөдөгү башка көптөгөн программалардай эле иштебей эле жана иштебейт. Себеби программанын бир дагы жобосу төмөнкү үч маанилүү суроого жооп бербейт: Ким? Кайда? Качан?

Баса, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программага ылайык, 2019-2020-жылдар жыйынтыктоочу мезгил. Башкача айтканда, «2020-жылга карата мамлекеттик органдардагы баардык жетекчилер мамлекеттик жана расмий тилди С1 деңгээлинде (эркин, жогорку деңгээл) билиши керек, ошондой эле эл аралык тилдердин бирин В2 деңгээлинде (ортодон жогору) билүүсү шарт».

Бир жыл калды, балким үйрөнүшөт… Бул болсо программанын бир бөлүгүнөн:

«Максаты — маданият жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, көп тилди билген жаңы муундун өкүлүнүн мыкты үлгүсүн калыптандыруу». Эң сонун! Авторлор бул максатка жетүү үчүн эмнени сунуштап жатышат?

«Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:

— мамлекеттик тилди жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулук катары аздектөөгө тарбиялоо, мамлекеттик тилдин улуттар аралык карым-катнаштын тили катары бириктирүүчү ролун пропагандалоо;

— сүйлөө маданиятын жогорулатуу;…»

Ар бир сунушка макулмун. Бирок авторлор бул маанилүү максаттардын иштөө механизмдерин жана аны баалоо жолдорун жазууну унутуп коюшкан. Мисалы, сүйлөө маданияты кантип жогорулайт жана бул эмне дегенди түшүндүрөт? Ким жана кандай жол менен аны көзөмөлгө алат жана анын ийгиликтүү болгонун же ийгиликке жетпегенин кантип аныктайт?

Ал эми программанын текстинде мурдагы жылдардын анализи, булактары жана азыркы программанын өзгөчөлүгү тууралуу жазылбаганын айтпай эле коеюн.

Эмне кылуу керек? Биринчиден, иштебеген программа жазуу үчүн кезектеги эксперт-кеңешчилерди жалдоонун кереги жок.

Башында, тил көйгөйү тууралуу коомчулукта чоң талкуу жаратуу зарыл. Программа иштеши үчүн ал мамлекеттин, карапайым калктын, билим берүү тармагынын, улуттардын жана жарандык коомдун кызыкчылыктарын чагылдырып туруусу зарыл. Кызыкчылыктар коомчулуктан чогултулуп, жазылуусу тийиш. Андан кийин гана эксперттердин гана эмес, ар түрдүү коомдук топтордун өкүлдөрү менен биргеликте «тил картасы» жазылып, анда жыйынтыктарды баалоо ыкмалары, өз убагында өзгөртүү киргизүү талабы аныкталышы керек. Себеби мындай стратегия архив үчүн сакталчу кагаз эмес го. Ал тирүү, иштеп турган организм сыяктуу болуусу абзел. Ал коомдогу, дүйнөдөгү ар бир өзгөрүүгө реакция кылуусу керек.

Ошондо гана кыргыз тилин билүү жана аны колдонуу биздин өлкө үчүн мейнстрим болот (англ. mainstream — «негизги агым»).

 

Сере Чалканова — атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.