Экономика Дата:
0 билдирүү

Мүмкүнчүлүк эшиги

Биздин өлкөгө Россиянын Президенти Владимир Путин мамлекеттик иш-сапары менен келери тууралуу расмий маалыматтар чыкты. Жолугушуу март айынын акырында болот, азырынча февралдын башында Бишкекке Россиянын Тышкы иштер министри С.Лавров келип, өлкө башчыларынын жолугушуусунда кандай маселелер талкууланары тууралуу күн тартибин түзүшөт көрүнөт.

Мамлекеттик иш-сапары – бул силерге жумушчу сапар жада калса расмий иш-сапары эмес – бул эң жогорку протоколдук деңгээл жана бир топ жыл алдыга кызматташуу тууралуу талкууланчу сапар. Анын маанилүүлүгүн баалоо кыйын.

Путин региондо акыркы жолу ноябрь айында болгон – Казакстанга иш-сапары менен келген. Буга чейин мамлекеттик иш-сапары менен Ташкентке барган, бул окуя Өзбекстан  үчүн чындыгында абдан маанилүү болду. Ал жакта инвестициялык сунуштардын жана конкреттүү экономикалык долбоорлордун портфели түзүлгөн. Аймактык кызматташтыктын биринчи форумунун жыйынтыгы менен 25 миллиард долларлык 790дон ашуун эки тараптуу макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлган. Россиянын Экономикалык өнүгүү министри Орешкин бул аймактык кызматташтык форумун “уникалдуу окуя” деп атаган.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары менен жолугушуу учурунда Өзбекстанда атомдук электростанция куруу иштери башталган. Жалпысынан айтканда, Путиндин келерине даярдыктар бир жыл мурун башталган болчу. Бир жыл катуу иштешкени жемишин берип, Ташкен менен Москва бир катар келишимдерге келишкен.

Путинди биз эмне менен тосуп алабыз? Экономисттер биздин улуттук экономикабыздагы кооптуу абалдар, инвестициялык пассивдүүлүк тууралуу көп кеп кылып жаткан чагы. Ошондуктан азыр жаңы бийлик (жаңыбы же..?) олуттуу долбоорлорго, мыкты демилгелерге муктаж болуп турат.

Албетте, меморандумдарга кол коюлуп, кандайдыр бир келишимдер болору түшүнүктүү деңизчи, бирок чындыгында алар биздин экономиканы жакшыртууга түрткү береби, ачыгын айтканда бизге каражат береби деген суроого жооп күтүп турган маалыбыз.

Ролссия – чоң держава жана Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, союздашы. Жада калса, карызыбызды кечип койгон өлкө. Анын өз көйгөйлөрү толтура, Батыш менен болгон мамилеси узакка созулган кризиске алып келди. Бирок ушундай абалда дагы кичинекей Кыргызстанга жардам берүү биздин күчтүү союздашыбызга кеп эмес.  Чындыгында бизге Россия жардам бербей кое албайт, себеби биз кыйынчылыктар болууда. Биз буга  коррупционерлерди, антикытай митингин уюштургандарды, жаратылыш шарттарын күнөөлөшүбүз мүмкүн, бирок, Путиндин мамлекеттик сапары биздин экономика үчүн чоң түрткү.

Бирок биз анын үстүнөн иштедик беле деген да чоң суроо бар. Биз бир жыл мурда, жок дегенде жарым жыл мурда даярдыктарды баштадык беле азырынча белгисиз.

Ал ортодо жаңы насыяларда алуу дагы чоң коркунуч жаратарын айтпасак болбойт. Себеби биз коюлган чекке аз калдык.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк олуттуу долбоорлорго инвестиция тартуу үчүн жакшы курал экени айтылууда. Бул жерде мамлекет каржылык милдеттерди албайт, ал жөн гана мыйзам чыгарып, укуктардын сакталышына кепил болуп берет. Дал ушул концессия көпчүлүк өлкөлөрдө түз инвестицияларды тартуу боюнча эң көп жайылган практика болуп саналат.

Бирок бизде азыр иштеп жаткан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк заманбар стандарттарга жооп бербесин аныктап чыктык. Ал эми жаңы долбоор парламенттин биринчи окуусунан өткөн. Бизде азыр мартка карата күн тартиби даярбы, бул мүмкүнчүлүк эшигин биз толук кандуу пайдалана алабызбы чоң суроо. Ошондуктан россиялык инвестицияларды кармап кала алабызбы деген кооптонуу жаралды.

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit.kg үчүн

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.