Бийлик артка кылчайбай, саясий эркин көрсөтсө…

Коом 24 Янв 2019 12:26
0 билдирүү

2019-жылдын 1-январында  Кыргызстанда 5 кодекс жана 2 Мыйзам дароо күчүнө кирди. Алар өлкөдөгү жаза берүү системасын түп тамырынан бери өзгөрттү.

Бирок, азырынча карапайым калк системалык өзгөрүүнү байкаган жок. Жорук деген эмне, кайсы нерселер бузууга кирет жана кандай иш-аракеттер кылмыш болору, ошондой эле пробация институту эмне себептен киргизилип жатканы көпчүлүккө кызык деле болгон жок. Бирок жол кыймылынын эрежесин бузгандарга айып пулдун жогорулашы жана көчөдө түкүргөндөргө айып пул салуу көпчүлүктү дүрбөтүп, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Бул өтө олуттуу маселе жана коомчулукту кандай деңгээлдеги маселелер ойго саларынын ачык далили. Дегенибиз, коопсуздук курун тагынбай жүргөн жана мас абалында унаа айдаган айдоочуларга айып пул салууга каршы чыгуу, көпчүлүк өз коопсуздугун биринчи орунга койбой, курду тагынбай жүргөнүнөн кабар берип, жада калса өз жаныбыз үчүн эң жөнөкөй эрежени сактоого даяр эместигибизди көрсөттү.

Башкача айтканда, биз эски адатыбызча коопсуздук курун тагынбай, ичип алып унаа айдоону каалап жатабыз. Ушул жерден кыргызда бекеринен “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дебеген экен деген ой келди. Айып пулдар элдин чөнтөгүнө ылайык эмес экенин айтып чуулдап чыгышты, бирок эч ким эрежени бузбай койбойлубу деген жок. Совет учурунда жолдордо кандай эреже бар экенин эстеп, европалыктардын тажрыйбасына суктанганыбызды койбодук.

Баса, Европада айып пулдардын жогору экенинен  улам жол эрежеси сакталарын айта кетели.

Көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө мас айдоочуларга салынган айып пул 100 евродон башталып, 500гө чейин жетет. Бул кандан 0.2-0.5 промиле алкоголь чыкса салынчу айып пулдар. Ал эми коопсуздук курун тагынбагандарга Польшада 25 евро айып пул салынса, Улуу Британиядагылар 500 евро төлөөгө мажбур.

Биз өзүбүз жол кырсыктарынын азаюусун каалаганыбыз менен кур тагынбагандарга 300 сомдун ордуна 1000 сом, калктуу конуштардын жолдорунда 3000 сом төлөгүбүз келбей жатат.  Келгиле, мындан ары деле жол кырсыгынан мерт болууга даяр бололу жана жаңы эрежелерге баш ийбей, өтүгүбүздү төргө илели! Бул кадамыбызды капчыгыбыздын жукалыгы менен түшүндүрөлү! Бул абалдан чыгуунун эң оңой жолу эрежени бузбоо эмеспи.

Ал эми түкүрүк маселеси дагы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Бирок бул көрүнүшкө айып пул салууну тоодой көйгөй кылгандарды да түшүнбөй турам. Тегерек-четке баары төөдөй түкүрүнө бериши керекпи?!

Өкмөттүн позициясы дагы таң калтырбай койгон жок. Жаңы кодекстер иштеп баштаган соң, коомчулуктун сындап баштары менен премьер-министр бул карапайым калктын чөнтөгүнө чоң сокку алып келерин айтты жана дароо бул “соккунун“ “күчүн” карап чыгуу сунушун берди. Өкмөттүн башка жооптуу кызматкерлери дароо аны жеңилдетүүгө киришти.

Албетте, бийлик элдин үнүн угушу керек деңизчи, бирок сынга сынып калуу башка нерсе.

Өкмөттүн артка кадам таштап, тарифтерди карап чыгары биринчиден, аткаруу бийлиги чечимдерди тиешелүү анализи жок, чечимдердин арты кандай болорун ойлонбой кабыл аларынан кабар берет. Болбосо, калк тарабынан нааразычылыктар болорунан өкмөт кабардар болмок. Ошондо гана алар тиешелүү чараларды алдын ала көрүп, коомчулукта жана маалымат айдыңында мынчалык айгай жаралмак эмес.

Экинчиден, артка кадам таштоо бул катанын үстүнөн иштөө эмес. Бул бийликтин алсыздыгы.

Түкүрүккө айып пул салуу бул жакшы максатты көздөйт жана жалгыз эле бизде эмес, башка өлкөлөрдө дагы, мисалы Казакстанда да иштеп келет. Түкүрдүңбү –төлө. Айып пулду киргизгени коңшу өлкөдө түкүрүнгөндөрдүн саны кыйла азайган. Бирок артка кылчайбоо керек эле. “Фейсбуктан” айып пулдун көлөмү жогору экенин айтып коюшса эле, ооба биз бул маданиятсыз көрүнүш менен  күрөшкүбүз келген, бирок какырынып-түкүрүнүп жүргөндөр каршы чыкты деп алакан жайганыңар туура эмес.

Ооба, Кыргызстанда Президент 2 жолу күч колдонуу менен алмашты. Бийлик көчөдө “калды” жана көчөдөгүлөр каалаганындай калчашты. 7-апрелден кийин өлкө экинчи президентти шайлады (мен атайын Роза Отунбаеваны санаган жокмун, себеби анда таза шайлоо болгон эмес).

Көчө демократиясы чечим кабыл алуудагы күч болбошу керек. Себеби, мамлекеттик чечимдерди коомчулуктун кысымы аркылуу кабыл алууга болбойт. Бийлик толук легитмдүүлүгү менен коомчулук үчүн маанилүү болгон саясий долбоорлорду ишке ашырып, жогорку компетенттүүлүгүн көрсөтүп, кабыл алынган чечимдер туура экендигин тастыктап, саясий эркин көрсөтүүсү зарыл.

Бирок бул үчүн баарыбыз Мыйзам менен жашоону үйрөнүүбүз зарыл.

Сере Чалканова – атайын Elgezit.kg үчүн.

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.