Орус тилинин расмий макамын жоюу тууралуу депутаттын пикири

Интервью, Коом 23 Янв 2019 12:30
1 ой-пикир

Elgezit.kg КРнын ЖКсынын депутаты К.Иманалиевден орус тилинин расмий макамы боюнча жеке пикирин сураганыбызда дароо жооп бергенине ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары дагы кызматташтыгыбыз уланат деген үмүттөбүз.

Кыргыз Республикасындагы орус тилинин расмий макамы боюнча айтылып жаткан сөздөр боюнча төмөнкүлөргө токтолгум келет:

Биринчиден, учурда мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсү, сапаты жана масштабы расмий тилди колдонуудан көз каранды эмес.

Экинчиден, орус тилинин макамы эл аралык алты тилдин бири катары (англис, француз, араб, испан, кытай тилдери) БУУда бекитилген. Ошондой эле дүйнөдө 300 млндон ашуун адам орус тилин билерин да белгилей кетүү керек (бул тилдин жайылуусу боюнча 5-орун дегенди билдирет), анын ичинен 160 млн адам аны эне тили катары тааныйт (дүйнөдө 8-орунда).

Орус тили — КМШ өлкөлөрү баарлашкан тил, ошондой эле ЕККУнун тили. Орус тили бир катар эл аралык уюмдарда расмий жана кызматташуу тили: КМШ, ШКУ, ЕАЭБ, СДА, ЖККУ, Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик, “Демократия жана экономикалык өнүгүү үчүн” уюму, Кызыл Крест жана жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун эл аралык федерациясы жана КП.

Үчүнчүдөн, тил билүү (орус тилинби, кытай, англис, япон, фарс жана башка тилдердиби) өлкөнүн ар бир жараны үчүн кошумча каражат табуу гана эмес, баардык тармактарды жаңы билимдерге ээ болуу, башка маданиятты үйрөнүүгө жол ачуу. Чет тилдерин билүү эне тилди байытат, жеке жана маданий байланыштардын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Ошондой эле айласыздан эмгек миграциясында жүргөн 800 миңден ашуун мекендештерибиздин пикирин сыйлашыбыз керек деп ойлойм. Алар “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган курултайда көтөрүлгөн демилге боюнча өз пикирлерин ММКлар аркылуу билдиришти.

Каныбек Иманалиев – атайын Elgezit.kg үчүн.

Редакциядан: «Elgezit.kg» материал үчүн жоопкерчилик албайт жана автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Орус тилинин расмий макамын жоюу тууралуу депутаттын пикири” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Тилек

    Бир да жүйөсү суу кечерлик эмес. Орус тилинен расмий макамдын алынышы жогоруда аталган уюмдарга мүчөлүк кылууга, орус тилинде сүйлөөгө, аны жана башка тилдерди үйрөнүүгө кымындай да тоскоол болбойт. Кеп кыргыз тили расмий айдыңда, тактап айтканда мамлекет ситеминин иштешинде канат жая албай жатканында, кадыр-баркка жете албай жатканында. Тил кетсе, эл кетет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.