Парламенттик комитет Жанат Бейшеновдун министрликке талапкерлигин жактырды

Окуялар тизмеги 22 Янв 2019 09:49
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети транспорт жана жол министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу маалымат аталган комитеттен алынды.

Жанат Бейшеновдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. 49 жаштагы Бейшенов 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мурдагы министр Жамшитбек Калиловду «ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу сынга алган. Калилов 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.