ЖЭБ чыры: Артыкбаев менен Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады

Окуялар тизмеги 21 Янв 2019 10:10
0 ой-пикир

Осмонбек Артыкбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш иштери боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, экөөнө тең Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен расмий айып угузулду. Азыр адвокаттар иштин материалдары менен таанышып жатышат.

Мурдагы энергетика министри, КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев «Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо» долбоорундагы коррупцияга байланыштуу айыпталып, былтыр 6-июнда УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура аны «2013-жылы энергетика жана өнөр жай министри болуп турганда Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн» деп айыптаган. Ал ден соолугуна байланыштуу декабрдын башында абактан ооруканага которулган.

Ал эми мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев былтыр 18-июнда кармалган. Ага карата Бишкек ЖЭБин модернизация кылуудагы мыйзам бузулган учурлар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.