Жапаровдун адвокаты анын ишин кайра карап чыгууну өтүндү

Окуялар тизмеги 14 Янв 2019 14:25
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карап чыгуу боюнча маселе көтөрүлдү. Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов ушундай өтүнүч кат менен Башкы прокуратурага расмий кайрылганын «Азаттыкка» билдирди.

Катта ал Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык прокуратурасынын «Садыр Жапаровдун ишинде жаңы жагдай жок» деген токтомун жокко чыгарууну, жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти соттун кароосуна жиберүүнү суранган.

— Менин кайрылуума төрт күбөнүн мурда тергөөдө, сотто берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышы, жаңы көрсөтмө бериши жана алардын түшүнүк каттары негиз болду. Булардын айтуусуна караганда, ошол учурда бийлик өкүлдөрү коркутуу, кыйноо жолу менен көрсөтмө алышкан. Бүгүн алар Эмилбек Каптагаевди барымтага алууда Садыр Жапаровдун тиешеси жок экенин, ал мыйзамсыз соттолгонун айтып жатышат. Ошол себептүү иш жаңы жагдай боюнча кайра каралып, күбөлөр башынан суралышы керек.

Январдын башында Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишин жаңы жагдай боюнча кайра карап чыгуудан баш тарткан.

Алты жыл мурда «Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, «соттор саясий буюртманы аткарып жатышат» деп билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.