Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты

Окуялар тизмеги 03 Янв 2019 17:07
0 ой-пикир

Шаардык прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, алгач шаардык прокуратурадан 2018-жылдын 16-ноябрында «ишти кароого негиз жок» деп райондук прокуратура туура эмес чечим кабыл алыптыр» деген жооп келген.

«Кийин райондук прокуратура 2018-жылдын 3-декабрында ишти кайра кароого негиз жок деп кайра чечим чыгарган. Эми шаардык сот биринчи чечимине өзү каршы чыгып, райондук прокуратуранын декабрдагы чечимин колдоп жатат. 2019-жылдын 3-январында мага «Садыр Жапаровдун ишин кайра кароого негиз жок, райондук прокуратуранын чечими туура болгон» деген жооп жөнөтүштү», — деди жактоочу.

Токтосунов эми Башкы прокуратурага кайрыла турганын айтты.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен «барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-колонияда жазасын өтөп жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.