Роза Отунбаева президенттен Текебаевге ырайым берүүнү суранды

Окуялар тизмеги 25 Дек 2018 14:40
0 ой-пикир

Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүндү. Мындан сырткары, ал парламенттеги фракция лидерлерин бул демилгеге кошулууга чакырды. Президенттин атына жазылган кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты.

Экс-президент “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзам күнөөнү мойнуна алуу же өкүнүү шартын койбой турганын белгилеген. Анын айтымында, бул мыйзам ырайым берүү маселесин соттолуучунун жеке өтүнүчүнүн негизинде гана чечүүгө мамлекет башчысын милдеттендирбейт.

Отунбаева мыйзамдын беренесине таянып, мамлекет башчы соттолуучу өзү кайрылбаса деле, анын сиңирген эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Экс-президент “Өмүрбек Текебаевге карата “токулган” кылмыш иши “өтө оор прецедент” катары тарыхта калды деп эсептейт.

“Адилетсиздиктин бул уятсыз аракети Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда жууса кеткис так бойдон калат”, — деп жазылган кайрылууда.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, бирок Текебаев өзү кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.