Өкмөт жаңы жылдык эс алуу күндөрү боюнча түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги 25 Дек 2018 09:09
0 ой-пикир

29-декабрь ишемби күн Кыргызстанда кадимкидей эле дем алыш, ал эми 31-декабрь дүйшөмбү иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандыктар 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январда эс алышат. Ошондой эле жазында май майрамдарына карата 9, 10, 11 жана 12-майда эс алуу күндөрү болот.

Бул күндөр 25-февралга, 8-апрелге, 6-майга жана 2-сентябрга туш келген дем алыштардын эсебинен алынды, андыктан алар иш күнү болот.

Мектептерде кышкы каникул 1-январдан 14-январга чейин уланат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.