УКМК: Сапар Исаковдун башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатат

Окуялар тизмеги 21 Дек 2018 09:09
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу коррупциялык иштерден тышкары башка да мыйзам бузган учурлары иликтенип жатканын билдирди. Бирок ал кайсы фактылар экенин анык айткан жок.

— Башка долбоорлордо да мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар. Бул фактылар териштирилип жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө материалдар Башкы прокуратурага, андан ары сотко жөнөтүлөт, — деди ал.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал 18-декабрда Бишкек шаардык сотунда сүйлөп жатып саясий куугунтукка кабылганын, премьер-министр болуп турган кезинде УКМКда, сотто болуп жаткан мыйзамсыз иштерден кабарсыз болгонуна өкүнөрүн айткан жана анын ишин бийлик көзөмөлдөп жатканын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.