141 аткаминер мүлкү тууралуу маалыматтарын жашырган

Окуялар тизмеги 17 Дек 2018 16:04
0 ой-пикир

141 аткаминер мүлкү тууралуу маалыматтарын жашырган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, алардын ичинен 19у мамлекеттик кызматтарды, атайын кызматтарды — 21, саясий жана муниципалдык кызматтарды — 27, жогорку ызматтарды — 65 жана башкы кызматтарды — 9 ээлейт. Алар тууралуу бардык маалымат башкы прокуратурага укуктук баа берүү максатында жөнөтүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Маалымат боюнча, декларацияларда мүлк, жер тилкелери, унаа жана банктык эсептер тууралуу дал келбестиктер бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.