Конгантиев боюнча ишти кыскарткан чечим жокко чыгарылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 13 Дек 2018 09:09
0 ой-пикир

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен быйыл 18-июнда кыскартылганын УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта дооматка кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анын эртеси эле атайын кызматтын ишти токтотуу тууралуу чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө баа бериле турганын маалымдаган.

Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.