Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалына курган маегинде мурдагы премьер-министр, былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айтты.
Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди:
«Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек. Чынында Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жылда бир нерсе кылдыбы, айттыбы? Ынтымакты, тынчтыкты бузуш үчүн бир аракет кылдыбы? Менин сөзүмө, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө ишенип, алданып калды, ачыгын айтканда. Ошондуктан мен дагы өзүмдү ыңгайсыз сезип атам”,-деди Атамбаев.
Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керектигин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын кошумчалады.