Башкы прокуратура декларацияны туура эмес толтургандарды аныктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 05 Дек 2018 16:13
0 ой-пикир

Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынан алынган маалыматтардын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасы, мүлкү тууралуу толтурган декларациясын текшерди. Анын жыйынтыгында Тышкы иштер министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, прокуратура, сот органдарынын бир катар кызматкерлери байлыгын жашырганы белгилүү болду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу, эки вице-консул, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Ирандагы, Германиядагы элчиликтерде иштеген кызматкерлер, Екатеринбургдагы консул мыйзам бузганы аныкталган. Башкы прокуратура мыйзам бузууну жокко чыгаруу жана күнөөкөрлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында ТИМге сунуштама жөнөттү.

Мындан сырткары бир катар мамлекеттик кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылса, 15 прокурор башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен дициплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Маалымат боюнча 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.