Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү тууралуу жаңы дебаттар, талкуулар башталууда. Elgezit.kg баарын канааттандырган Баш мыйзамды түзүүнүн келечеги тууралуу өз көз карашын сунуштайт.
Бирок бул мүмкүн экенине күмөн бар – дүйнөдө баары конституцияны жактырган мамлекетти табуу кыйын болсо керек. Саясий чөйрө конституциялык өзгөрүүгө чакырык таштоону оюнчук кылып алган Кыргызстанда Конституцияга баары канааттанат десек жаңылышабыз.
Экс-президент А.Атамбаев жакында эле берген маегинде Конституцияны ойлогонундай өзгөртө албай калганына өкүнөрүн билдирген. Анын айтымында, “анда ыйгарым укуктардын көбү президенттен премьер-министрге, өкмөткө жана парламентке өтүшү керек болчу”.
Ошондой эле Атамбаев ал жасаган реформаны эмнеге жарым-жартылай деп атарын түшүндүрүүгө аракет кылды – “…Биз Европа өлкөлөрүндөгүдөй кылып парламент жана өкмөт президентке каршы тура алган парламенттик өлкө курмайынча, биз эч качан сот бийлигин орното албайбыз. Себеби качан гана президент жана анын аппараты баарынын үстүнөн караганды токтотуп, парламент менен өкмөт биригип, министрлер депутат болуп – көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү болуп, президентке каршы сүйлөй алганда гана сот бийлиги күчкө ээ болот. Ошондо гана соттук реформа болот ”.
Экс-президенттин пикири боюнча, өлкөдө сот реформасын жүргүзүү үчүн парламенттик башкаруу болушу керек, кимдир бирөө маекти окуган болсо, ал маек дал ушул суроонун тегерегинде гана болгону көрүнүп турат. Бул пикир экс-президент өткөн жылдары кандай иштерди аткарганын санап буткөндөн кийин айтылды жана анын ар бир жасаган ишинин тизмеги конституциялык норманын кызматтык абал тууралуу бөлүмүнө каршы келгенин эскертүүгө себепчи болушу мүмкүн.
Кийинки күнү учурдагы президент С.Жээнбековдун кыргыз бийлигинин мурдагы чоңдору экс-премьер-министрлер жана парламент төрагалары менен жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө азыркы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен президенттик башкарууга өтүү демилгесин көтөрүү боюнча сунуштар болду.
Мындай сунуштар элдик курултай учурунда да айтылды. Чындыгында, ал жакта эки тараптуу ой-пикирлер болду – президенттик башкарууга кайтып келүү жана парламентаризмди бекемдөө. Ошондуктан курултайдын чечиминде Конститцияны өзгөртүү жана ал үчүн президент башында турган комиссия түзүү тууралуу пункт гана киргизилди. Аны кандай өзгөртүү тууралуу эч нерсе жазылган жок.
Сырттан караганда Атамбаев менен Жээнбековдун каршылашуусу жаңы терең мааниге ээ болду – Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунун ар түрдүү формаларын талашуу деп тушүнсөк болмок.
Бирок эки учур бул ойго тоскоолдук берип тургандай, ошондуктан азырынча жеке көйгөйлөр гана каршылаш кылып жатат деген пикирди карманып турсак болот. Биринчиден, 6 жыл президенттик такта отурганда Атамбаев өз бийлигине чектөө койгон эмес. Конституциялык реформага чейин жана андан кийин дагы.
Экинчи жагынан, С.Жээнбеков Конституцияга байланыштуу өз пикирин коом алдында билдирген эмес. Анын үстүнө ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө коомчулук даяр эместигин айтты.
Өлкө чындыгында эле талаш жолдо жана Конституцияны өзгөртүү керекпи же жокпу, аныктоо зарыл.
Бирок айрым учурларда Конституция мазмунун биз өзүбүзгө ыңгайлуу кылып, каалагандай кылып жазып алгандай сезилет. Эгерде биз азыркы Конституцияны сактасак, реалдуулук картинасы башкача болмок. Атамбаев да, Жээнбеков да парламенттин таасирин тоготпогон адамдардай эле иш кылып жүрүшөт.
Теорияга ылайык, парламенттик өлкөдө мамлекеттик бийлик парламенттин колунда жана ал мыйзам чыгаруучу жана анын аткарылышын көзөмөлдөөчү функцияга ээ.
Ал эми парламенттиктен айырмаланып, президенттик өлкөдө ыйгарым укуктар президентке берилет. Айрым мамлекеттер жана Кыргызстан тарыхый тагдырга жараша парламенттик-президенттик же президенттик-парламенттик болуп келет, бул жерде бийлик кылуу укугу кимге көбүрөөк берилгенинен көз каранды.
Өлкөдө биз кайсы категорияга кирерибиз илимий жактан негизделе элек. Бул көйгөй менен алектенген адамдар да жок сыяктуу. Ал эми адабияттарда “бышып жетилген”, “монисттик” жана “дуалисттик” парламентаризм деген түшүнүк менен катар эле “рационалдаштырылган” парламентаризм концепциясы деген түшүнүк да бар.
Бирок дүйнөлүк практикада мындай аралашкан “парламенттик” же “президенттик” система өткөөл жана аягына чыкпаган катары саналбайт. Балким, азырынча биздин чыдамдуу калкыбыздын бийлик кимдин колунда деген суроолор менен тынчын албай турсак болот. Себеби жаңы өзгөрүүлөр алсыроодон башка эч нерсе бербейт.
Өнүккөн демократиялык өлкөлөрдүн тажрыйбасына ылайык, парламенттик бийликтин күчү жемишин берерин айтып келишет. Ал эми коомчулук өз жашоосун жакшыртуу менен алек. Башкалар болсо союздаш коңшулардын президенттик башкаруу формасын мактап келишет. Россияда болсо президенттик башкаруу күч алган жана ал “антипарламенттик тарыхый тажрыйба” менен түшүндүрүлүп келет. Бирок, бизде дагы бир аз мурда эле дал ушундай башкаруу болгонун ал президенттик башкаруу салган такты унутуу мүмкүн эмес.
Ошондуктан биздин азыркы Конституцияны сыйласак болот. Азыркы Конституция “өнүгүүнү токтотуп жатат” деп айтуу үчүн аны менен жашап көрүү зарыл. Ал эми биз Конституцияга баш ийип жашоону үйрөнө элекпиз.
Elgezit.kg