Жаңы жылдан кийин өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болот

Окуялар тизмеги 29 Ноя 2018 18:34
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жаңы түзүмү жаңы жылдан кийин сунушталарын парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында билдирди. Ал жаңы түзүм азыркыдан натыйжалуу иштей турганын айтты:

— Сөзсүз өзгөртөбүз. Азыркыдай өкмөттүн түзүмү натыйжалуу иштеши кыйын. Өзүмдө да, кызматташтарымда да көз караш пайда болду. Сөзсүз түрдө өкмөттүн жаңы, натыйжалуу түзүмү иштеши керек.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча күз айында сунуш менен келерин маалымдаган. Анын ичинен Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан.

Кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн түзүмү боюнча талаш-тартыштар аягына чыга элек экенин айткан болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.