Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди

Окуялар тизмеги 14 Ноя 2018 10:29
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-ноябрда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант берди. Парламент жыйынында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ант берди. Ант берүү аземине өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлердин ишине ийгилик каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков дагы жаңы министрлердин ишине ийгилик каалап, берген антты аткаруу керектигин айтты.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.