Тышкы саясат өлкө ичинде чечилиши керек

Саясат 05 Ноя 2018 13:05
0 ой-пикир

2019-жылы Европа биримдиги Борбордук Азия боюнча жаңы стратегия кабыл алууну пландоодо. Буга чейинки стратегиянын (2007-жылдагы) алкагында  Европа биримдигинин ишин баалоо максатында жана жаңы стратегия үчүн сунуштарды иштеп чыгуу үчүн акыркы эки, үч жыл ичинде көптөгөн тегерек столдор жана конференциялар өткөрүлүп, бир катар аналитикалык материалдар жарыяланды. Бул иш-чаралар ЕБнын Брюсселдеги тиешелүү түзүмдөрүнүн жана көз каранды эмес европалык изилдөөчү борборлордун демилгеси менен өткөрүлгөнүнө карабастан, ишке Евробиримдиктен гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн да аналитиктер жана эксперттер тартылууда. Бул активдүү ишмердүүлүктүн фонунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзүндө Европа биримдиги менен кызматташуу боюнча стратегия иштеп чыгуу иши жүрбөй жатканы оркоюп көрүнүп калат экен. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы тышкы саясат пассивдүү, жабык жана реактивдүү болуп, ошол себептүү улуттук кызыкчылыктарды  өркүндөтүү алсыз болуп келет.

Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча стратегиясы ЕБнын Борбордук Азиядагы өлкөлөр менен келечекте кызматташуунун башкы мүнөзүн аныктайт. 2007-жылы кабыл алынган учурдагы Стратегияда “туруктуулук жана коопсуздук” Евробиримдиктин биздин аймактагы башкы максаты катары каралган жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн өнүктүрүү багыты, билим берүү тармагы, соода, энергетика жана транспорт байланыштары жана башка багыттар артыкчылык катары бекитилген. Тажикстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн ЕБ Стратегиясы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берген жумушчу карта дегенди билдирип келген жана билдире бермекчи. Кыргызстандын борборундагы “Евробиримдиктин жардамы” деген кагаздар чапталган таштанды салуучу челектерди көрүп кубанса же уялса болот, бирок бул Кыргызстан көптөгөн жылдар бою Евробиримдиктен алган жардамдын кичинекей бөлүгү экенин билүү керек.

Евробиримдик үчүн Кыргызстан – алыстагы кичинекей, кедей жана эч кандай тарыхый, саясий жана экономикалык байланышы жок өлкөлөрдүн бири .  Евробиримдиктин масштабында карай турган болсок, башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанга болгон жардамдын көлөмү өтө аз. Бирок ЕБга караганда Борбордук Азиянын чакан экенине карабастан, жаңы Стратегияны жазуу үчүн Европа өз ишинин жетишкендиктерин жана кемчиликтерин анализдеп, ЕБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн серепчилеринин пикирин чогултуп, жалпылап чыгуу керек деп санайт. Ал эми биз тараптан карасак, абал бир топ башкача.

Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин жардамы көптөй сезилет. 2014-2020-ж.ж. ЕБ Кыргызстанга “мыйзам үстөмдүгү”, “билим берүү” жана “айыл-чарба райондорун өнүктүрүү”  үчүн 184 млн евро, башкача айтканда ар бир ай сайын 2 млндон көп каражат бөлүп турган. Бирок, Кыргызстанда мындай маанилүү тышкы өнөктөш менен ТИМдин түзүмүндөгү 1 кызматкер гана иш алып барат. Кыргызстанда ЕБнын жардамына мукиаж болгон тармактар кайсы экенин ким аныктары коомчулукка белгисиз бойдон калып келет. ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгынын эффективдүүлүгүн ким жана кандайча жол менен баалап келет? Ошондой эле коомчулук ЕБ менен болгон мамилени кантип баалап, ал маселелер боюнча өкмөттүн ишине кандай таасир бере алары дагы түшүнүксүз.

Кыргыз өкмөтүнүн тышкы саясат маселелеринде жабык болгону – бул  бийликтин элдин алдында болгон жоопкерчилик маселеси. Мамлекеттин улуттук кызыкчылыктары тар кабинетте чечилбеши керек. Алар ал жакта катталышы мүмкүн, бирок өлкөнүн тандалып алынган лидерлеринин жана коомчулуктун ачык диалогунун негизинде, ачык-айкын иш жүрүүсү зарыл.  Күчтүү жана бай өлкөлөрдүн “карыз дипломатиясы” тууралуу дебаттар жана тыштан насыя алуу процессинде бийликтин коррупцияга батканы тышкы саясаттын жабык жана ачык эмес экенинин натыйжасы.

Кыргыз стандын өкмөтүнүн тышкы саясат маселесиндеги пассивдүүлүгү дагы тышкы оюнчулар менен болгон мамилелерди аныктоодо жана таасир берүүдө өз ролунан баш тарткандык. Брюсселдеги, Венадагы же Варшавадагы саясатчылардын жана серепчилердин ЕБ Кыргызстанга кандай жардам бериши керектиги тууралуу өз пикирлери бар чыгар, бирок ал пикирлер Бишкекте коомчулуктун талкуусунан өткөндөн кийин гана саясатка жана стратегияга айлануусу зарыл. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстан тышкы дүйнө менен кандай мамиле түзүшү керектиги тууралуу коомдук талкуулар азырынча жок.

Бийликтин тышкы саясатта жабык болгону жана пассивдүүлүгүнө көп түшүндүрмө тапса болот, тарыхтан, саясаттан, уюштуруучулук-маданияттан баштап жеке мамилелерге чейин. Бирок алар абалды өзгөртүү керектигинен эч кимди бошотпойт. Тышкы абалдан көз каранды болгон мамлекет катары Кыргызстан тышкы саясат багыты боюнча түшүнүктүү стратегияга ээ болуусу керек. Айрым мамлекеттик мекемелердин сайттарында жаткан стратегия деп аталган текст керек эмес. Стратегия:

а)  мамлекеттик органдардын элдин жана бири-биринин алдындагы отчеттуулук куралы;

б)  мамлекеттик органдардын эксперттик, илимий, жарандык коомчулук менен болгон диалогунун башкы элементи катары болушу керек.

Көйгөйдү чечпестен эле, атап коюу дайыма оңой. Мамлекеттик органдар менен governance жана public policy жакшыртуу боюнча иштеген эл аралык уюмдар конкреттүү саясий багыттар боюнча, анын ичинде тышкы саясатта бийликтин конкреттүү кадамдарына байланышкан маселени ачык жана коомчулук менен бирге талкуулоо маданиятын киргизүүлөрү керек.

Мамлекеттик органдар мамлекеттик башкаруу маселесинде донорлор менен иштөөдө көз каранды эмес изилдөө институттар, ММКлар жана башка жарандык коомчулуктун катышуучулары менен тыгыз иш алпаруусу башкы орунда болуусу шарт. Өз кезегинде, мамлекеттик органдар, анын ичинде парламент комитеттери жана жарандык коом институттары, илимий-аналитикалык коомдор актуалдуу маселелерди, анын ичинде тышкы саясат маселелерин талкуулоодо ачык-айкындуулукту талап кылып, бири-бирин тартуусу керек. Фейсбук, көптөгөн гезиттер жана сайттар саясаттагы көйгөйлөрдүн ар тараптуу, терең анализдөө процесстерин жана бул же тигил чечимдердин тууралыгы боюнча дебаттардын ордун баса албай турганын түшүнүү керек.

автор: elgezit.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.