Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлиги сунушталды. Мындай сунушту өкмөт Жогорку Кеңешке киргизүүдө. Буга чейин аталган кызматка мурда бул тармакты көп жыл жетектеген Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Улукбек Кочкоров 1974-жылы туулган. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон.